• Бейшемби 2 Теке 2026
  • Четверг 2 Июль 2026

Соңку жаңылыктар: №3 абакта жоокер каза болду. Сириядагы согушка катышкан кыргызстандык кармалды

5 Жетинин айы 201914:38 Бишкек Govori.TV

ЖАМК: ЖООКЕР ТОККО УРУНУП КАЗА БОЛДУ
Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынынын №3 түзөтүү мекемесинде кызмат өтөп жаткан жоокер электр тогуна урунуп каза болду. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди. «Окуя 4-ноябрь күнү болгон. Токко урунган аскерге медициналык жардам көрсөтүлгөнүнө карабай каза болуп калды» — деп айтылат маалыматта.  Учурда соттук териштирүү жүрүп жатат. 

ЖАЛАЛ-АБАДДЫН ТУРГУНУ КАРМАЛДЫ
Жалал-Абад облусунун 24 жаштагы тургуну терроризмге шектелип кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинен маалымдашты.Ал жаран буга чейин “Жалданмачылык” беренеси боюнча издөөдө жүргөн. Маалыматка ылайык, шектүү 2015-жылы Сирияга кетип ал жактан атайын даярдыктан өтүп, террористтик уюмдарга мүчө болуп, Сирия өкмөтүнө каршы согушка катышкан. Атайын кызмат ал КМШ мамлекеттеринин биринде эмгек мигранты катары жашырынып жүргөн деп маалымдайт.Учурда кармалган жаран Жалал-Абад шаардык ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө жүрүп жатат.


УЛУТТУК БАНК ЖАҢЫ КОЛЛЕКЦИЯЛЫК ТЫЙЫНДАРДЫ ЖҮГҮРТҮҮГӨ ЧЫГАРДЫ
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 5-ноябрдан тартып «Кыргыз каганатынын доору» аттуу коллекциялык жез-никель монетасын жүгүртүүгө чыгарат. Бул тууралуу бүгүн, 5-ноябрда Улуттук банктын кассалык операциялар бөлүмүнүн башкы экономисти Салтанат Аубакирова билдирди.Анын айтымында, «Кыргыз каганатынын доору» сериясынын «Тиричилик буюмдары: Кыргыз кумурасы» жана «Тиричилик буюмдары: Кыргыз кийими, зер буюмдары» коллекциялык монеталар кыргыз элинин маданий баалуулуктарын жана рухий дөөлөттөрүн даңазалоо жана жайылтуу максатында чыгарылган. Монетанын арткы бетине улуттук кыргыз оймолору менен кооздолгон кумуралардын сүрөтү түшүрүлүп, борборунда Кыргыз Республикасынын герби орун алган. Монетанын жогорку бөлүгүндө «Улуу кыргыз каганаты» жазуусу жазылган. Ал эми төмөн жагында чыгарылган жылы көрсөтүлгөн. «Тиричилик буюмдары: Кыргыз кумурасы» монетасынын алдыңкы бетинин негизги сюжетин улуттук оймолор менен кооздолгон үч кыргыз кумурасы түзөт,-деди ал.Кошумчалай кетсек, күмүш тыйындар 2 миң даана, жез-никель тыйын 5 миң даана болуп чыгарылып, тыйындын  баасы 2650 сом, ал эми жез-никель монетасы 380 сом турат. Ошондой эле күмүш монета акрил капсуласына жайгаштырылып, сапатты тастыктаган сертификат менен өзүнчө кутучага таңгакталган

Количество просмотров: 113