• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: 3 миң сомдук көмүргө кезек күткөндөр көбөйдү. Коррупция фактысын айткан жаран сый акы алат

16 Жетинин айы 2021 14:04 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС БОЮНЧА АБАЛ

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын бүгүнкү, 16-ноябрдагы маалыматына караганда, кечээтен бери Кыргызстанда инфекциядан үч адам каза болду. Үчөө тең вакцина албагандар.
Жалпысынан өлкөдө коронавирустан көз жумгандардын расмий саны 2710 адамга жетти.
Соңку бир күн ичинде вирус дагы 103 адамдан табылды. Алардын эң көбү Бишкек шаарында. Ош шаарында ооруну жуктуруп алгандар катталган жок.

Өлкөдө коронавирус жуккандардын расмий катталган саны 182 528 адамга жетти.
Азыр ооруканада 531 бейтап жатат, дагы 752 адам үйдөн дарыланууда.

КОРРУПЦИЯ БОЮНЧА МААЛЫМАТ БЕРГЕНДЕР СЫЙЛЫК АЛАТ

КР Финансы министрлигинде мыйзам долбоору иштелип чыкты, анын алкагында коррупция фактысы боюнча маалымат берген жаран материалдык сыйлыкка ээ болушат. Бул тууралуу Коррупцияга каршы кеңештин биринчи жыйынында КР финансы министри Алмаз Бакетаев билдирди.

Анын айтымында, мыйзам долбоору укук коргоо жана көзөмөл органдарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда иштелип чыкты.

«Ошентип, мыйзам долбоорунун алкагында коррупциялык фактылар тууралуу билдирген/эскерткен жарандар тиешелүү токтом күчүнө киргенден кийин мамлекеттик бюджетке келтирилген материалдык зыяндын ордун толтуруунун суммасынын 10% өлчөмүндө бир жолку сыйлык алышат. Белгилей кетсек, муну менен катар сыйлыктын суммасы 1 млн сомдон ашпайт”, — деди ал.

Такталгандай, мыйзам долбоорунун алкагында Финансы министрлиги тарабынан материалдык сыйакыларды төлөө укук коргоо жана көзөмөлдөө органдарынын жетекчилеринин катышуусу менен өзүнчө түзүлгөн комиссиянын чечими/сунуштамасы менен накталай эмес түрдө ишке ашырылаары белгиленген.

БИШКЕКТЕ КӨМҮР 3000 СОМДОН САТЫЛУУДА

Бишкекте Мурманская көчөсү, 1б/1 дарегинде көмүрдүн бир тоннасы 3 миң сомдон сатыла баштады. Маалыматка ылайык, кечээ 200 тонна көмүр алынып келинген. Ал эми Кара-Кечеден дагы машиналар келе жатат.

“Азыр кезек күткөндөр көп, бирок баа көтөрүлбөйт. Тизме түзүлүп, алып сатарлар кирип кетпеш үчүн ар биринин документтерин карап жатабыз», — дейт кампанын жетекчиси.

Кадрлардан кезекте 300дөй киши турганы  маалымдалды.

Кечээ, 15-ноябрда, президент Садыр Жапаров ТЭЦ-2нин жанындагы конуштун тургундары менен жолугушуу учурунда Кара-Кече көмүрүнүн баасы  Бишкек шаарында 3 000 сомго түшөт деп убада берген эле.

Количество просмотров: 184