• Бейшемби 2 Теке 2026
  • Четверг 2 Июль 2026

Соңку жаңылыктар: 3 жаштагы баланы унаа тебелеп кетти. Милиционерлер 28 жаштагы жаранды сабап салышкан

4 Жетинин айы 201914:29 Бишкек Govori.TV

3 жаштагы баланын өлүмү боюнча тергөө башталды

Бишкек шаарынын А.Орозбеков көчөсүндөгү көп кабаттуу үйдүн короосунда 3 жаштагы баланы унаа тепселеп кетти. Бул факт боюнча тергөө иштери башталганын бүгүн, 4-ноябрда ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Түзүмдүн маалыматы боюнча, окуя 3-ноябрда саат 15:30 чамасында болгон. «Тойотанын» айдоочусу унааны артка айдап, жаш баланы тепселеп кеткен. Наристе Улуттук госпиталдын жандандыруу бөлүмүндө каза болду.
Учурда бардык материалдар топтолду. Ал эми наркологиялык экспертиза айдоочу мас абалда болбогонун көрсөттү. Тиешелүү документтер тергөө кызматына өткөрүлүп берилип, факт Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.
Тактала элек маалыматтар боюнча, короодо ойноп жүргөн балдар көчөгө чыккан чоң апасын көздөй бара жатышкан. Алардын экөө өткөндөн кийин унаасын жүргүзгөн айдоочусу эң кичүүсүн байкабай калган.


Экс-мэрлер сотко көрсөтмө берүүдөн баш тартышты

Бишкектин экс-мэрлери Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимов сотто көрсөтмө берүүдөн баш тартышты. Бул тууралуу «Азаттыкка» мурдагы мэрлердин жактоочусу Сергей Слесарев билдирген.
Албек Сабырбекович Ибраимов жана Кубанычбек Кеңешович Кулматов сотто көрсөтмө берүүдөн баш тартуусун алар сотто актангысы келбегени, ансыз да баары белгилүү болуп калганы менен түшүндүрүштү. Негизсиз коюлуп жаткан айыптар үчүн эч кандай актанбаш керек,- деп билдирген жактоочу С. Слесарев.
Эске салсак, Бишкектин мурдагы мэри Кубанычбек Кулматов «мектеп курууга кеткен эки миллион долларды пайдаланууда жемкорлукка барган» деп күнөөлөнгөн. Албек Ибраимовго «Дастан» ишканасын жетектеп турганда 270 миң доллар өлчөмүндө мыйзамсыз сый акы алган, Ысык-Көлдөгү «Күнөстүү жээк» пансионатын сатууда мамлекетке 152 миллион сомдук зыян келтирген жана Бишкектин түштүгүндөгү беш гектар жерди мыйзамсыз бөлүп берүүгө тиешеси бар» деген айыптар коюлган.


Милиция кызматкерлери 28 жаштагы жаранды сабап салышкан

Чүй ОИИББдин маалыматына ылайык, 1-ноябрда Токмок ШИИБнын кызматкерлери Кемин районунун 28 жаштагы тургунун сабап салышты.
Маалыматка караганда, милицияга арыз менен эркек киши кайрылып, 1-ноябрда унаа токтоочу жайдан белгисиз 2 киши кол салганын айткан.
Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.
Кылмышка шектүү катары Токмок ШИИБнын кызматкерлери кармалып, 45 жаштагы У.А. жана 29 жаштагы С.Э. болуп чыкты.

Количество просмотров: 108