• Бейшемби 2 Теке 2026
  • Четверг 2 Июль 2026

Соңку жаңылыктар: 4 адам каза болгон жол кырсыгы боюнча экспертизанын жыйынтыгы 4 айдан кийин чыкты

25 Тогуздун айы 201915:23 Бишкек Govori.TV

Муздак суунун баасы жогорулайт. Себебе эмнеде?

Бишкек шаардык кеңешинин бүгүнкү жыйынында «Бишкексууканалдын» башчысы Бакытбек Дүйшөмбиев Муздак суу үчүн коюлган азыркы баа чыгымдарды актабай жататканы тууралуу билдирген.Ал акыркы жолу сууга болгон төлөмдөрдүн баасы 2015-жылы көтөрүлгөнүн, бирок ошол кезде да тарифтер чыгымдарды актабаганын белгилеп өттү. Мындан сырткары башкармалыктын карызы да көбөйгөн.
Дүйшөмбиевдин пикиринде, сунушталып жаткан тариф суунун өздүк наркына аз да болсо жакын.
“Муну менен биз көптөгөн маселелерди чече алабыз. Биздин башкы милдетибиз — калкты таза суу менен камсыз кылуу”, – дейт ал.
Эске салсак: Бишкекте сууга жана сууну бөлүштүрүүгө (канализация) тариф жогорулашы боюнча токтомдун долбоорун шаардык кеңеш буга чейин коомдук талкууга чыгарган.
Ушул жылдын 4-июлунда чыккан долбоордо таза суунун бир куб метрин жеке адамдар үчүн 5,38 сомдон 8,1 сомго кымбаттатуу каралган. Бюджеттик уюмдар үчүн 7,38 сомдон 9,1 сомго, ал эми башка уюмдар үчүн 9,15 сомдон 13 сомго чейин жогорулашы мүмкүн. Мындан сырткары шаардык кеңештин депутаттары каналазацияга болгон тарифти 1,2 сомдон 2,3 сомго чейин көтөрүүнү сунуштап жатат. Депутаттар мунун себебин азыркы тарифтер өзүн өзү актабай жатканы менен түшүндүргөн.
Долбоордо ичүүчү сууну өндүрүү, жеткирүү жана керектөөчүлөргө берүү, агынды сууларды кабыл алуу жана тазалоо менен алектенген шаардагы жападан жалгыз ишкана — “Бишкексууканалдын” финансылык абалы өтө оор экени, жыл сайын 80 млн сом чыгым тартып жатканы белгиленген.

Базар-Коргондо ботулизмге чалдыккандардын экөөнүн абалы оор

Жалал-Абаддын Базар-Коргон районунда тамак-ашка ууланып ооруканага түшкөн он адамдын арасынан 11 жаштагы кыз менен 66 жаштагы аял өзүнө келе элек. Алар жандандыруу бөлүмүндө жасалма дем алдыруучу аппараттын жардамы менен жатышат. Дарыгерлер алардын ден соолугуна күнү-түнү көз салышууда.
Алар талаада пахта терип жүрүп, түштөнүү убагында колдо жабылган салат жешкен соң өздөрүн жаман сезип, 19-20-октябрда дарыгерге кайрылышкан.
Сегиз киши Базар-Коргон райондук ооруканасына, экөө Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасына жаткырылган.
Былтыр да ушул эле райондо алты адам ботулизмге чалдыккан.


Төрт адам каза болгон жол кырсыгы боюнча дайындалган экспертизанын жыйынтыгы төрт айдан кийин чыкты.

 Жогорку Кеңештин депутаты Алиярбек Абжалиевдин уулу аралашкан Чолпон-Атадагы жол кырсыгы боюнча экспертизанын жыйынтыгы чыкты. Бул туурасында Ысык-Көл облустук милициянын маалымат катчысы Сталбек Усубакунов билдирди.
Үстүбүздөгү жылдын 7-июлунда таңга маал саат 4.30да BMW X7 менен Lexus ES 330 үлгүсүндөгү автоунаалар кагышкан. Анын кесепетинен жеңил унаадагы төрт жигит каза болгон. Ал эми кроссоверде депутаттын уулу Темирлан Токобеков жана дагы эки киши бараткан.
«Автотехникалык экспертиза жол кырсыктын келип чыгышына BMW X7 унаасынын катуу ылдамдык менен баратканы себеп болгонун аныктады. Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында BMW X7 унаасынын айдоочусу Элдияр Халмурзаев убактылуу кармоочу жайга 13-октябрда 48 саатка камалган. Андан соң, эки күндөн кийин Каракол шаардык сотунда айдоочунун баш коргоо чарасы тандалып, үй камагына чыгарылды», — деди Усубакунов.
Эске салсак, окуя Чолпон-Ата шаарындагы ипподромдун бет маңдайында болгон. Милициянын билдиргенине караганда, BMW Бостери тараптан Чолпон-Атаны көздөй келе жатып, артка бурулууга белсенген Lexus машинасын капталга сүзгөн. Жеңил унаанын ичинде төрт, кроссоверде үч киши болгон. Кырсыктын кесепетинен Lexus унаасында отурган эки жигит мүрт кеткен. Үчүнчүсү ооруканада үзүлүп, төртүнчүсү эки күн комада жатып көз жумган.
Ал эми BMW унаасындагы ЖК депутаты Алиярбек Абжалиевдин уулу, Бишкек шаардык кеңештин депутаты Темирлан Токобеков, айдоочу Элдияр Халмурзаев жана дагы бир досу жаракат алган.

Количество просмотров: 87