• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Соңку жаңылыктар: 600 миң сом уурдоого шектелип 2 өспүрүм кармалды. COVID-19дун жаңы учуру катталган жок

12 Чын куран 2022 14:00 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС БОЮНЧА АБАЛ

Кыргызстанда 12-апрелге карата COVID-19дун жаңы учуру катталган жок. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, илдеттен айыккандар жана каза болгондор дагы катталган жок.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 72 бейтап, амбулатордук түрдө 13 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 200 миң 970 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 196 миң 303 киши айыгып чыкса, 2 миң 991 адам каза болду.

600 МИҢ УУРДООГО ШЕКТЕЛИП 2 ӨСПҮРҮМ КАРМАЛДЫ

Баткенде соода борбордон ири өлчөмдө акча уурдаганга шектелип, 2 өспүрүм кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБнын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, милицияга Баткен шаарындагы “Асылбек” соода борборунун сатуучусу 32 жаштагы С.С. арыз менен кайрылган. Анда үстүбүздөгү жылдын 17-мартына караган түнү белгисиз жарандар анын дүкөнүнүн эшигин бузуп кирип, 600 миң сомго жакын акчасын уурдап кеткендиги жазылган.

Аталган факты Кылмыш жаза кодексинин 205-беренеси (Уурулук) менен катталган.

“Баткен районунун 15 жаштагы Н.К. жана Жалалабад облусунун Базар-Коргон шаарынын 18 жаштагы М.Ж. аттуу тургундары Бишкек шаарынан кармалды. Кылмышка шектүү өспүрүмдөр жеңил акча табуу максатында уурдалган акчага сатып алынган телефондор, кийим кечелери тергөө кызматына өткөрүлүп берилди»,-деп айтылат маалыматта.

Азыркы күндө тергөө иштери сотко жиберилген.

ЭЛ КАТТОО УЛАНУУДА

Кыргызстандын алыскы аймактарында эл жана турак жай фондун каттоо 2022-жылдын 23-апрелинен 2-майына чейин жүргүзүлөт. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин басма сөз кызматы кабарлайт.

Маалыматта айтылгандай, ошол эле учурда биринчи этапта кандайдыр бир себептер менен каттоодон өтпөй калган адамдар үчүн калктын контролдук каттоосу өткөрүлөт.

Мекемеден кошумчалагандай, 1216 «тынымсыз байланышы» каттоодон өтпөй калгандардын арызын кабыл алууну улантууда. 

Количество просмотров: 102