• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Абактагы Асанов ооруканага которулду. 68 жаштагы жарандын батирин өрттөөгө аракет кылган жаран кармалды

11 Үчтүн айы 2024 13:53 Бишкек Govori.TV

АСАНОВ ООРУКАНАГА КОТОРУЛДУ

Кемпир-Абад иши боюнча шек саналып Бишкектеги №1 тергөө абагында жаткан саясатчы Бектур Асанов Улуттук госпиталга которулду. Бул тууралуу адвокат Эркин Булекбаев билдирди.

Маалыматка караганда, Асанов ооруканага 10-январда которулган, ага операцияжасалат.

9-январда камактагы саясатчы, активисттер Бектур Асановду ооруканага которуу кечиккенин, саясатчыга жакын арада ооруканага чыгарылып операция жасалбаса, камактагылар ачкачылык жарыялап, соттук отурумдан баш тарта турганын жарыялашкан.

БИРӨӨНҮН БАТИРИН ӨРТТӨӨГӨ АРАКЕТ КЫЛГАН ШЕКТҮҮ КАРМАЛДЫ

Чүйдүн Токмок шаарында 68 жаштагы жарандын батирин өрттөөгө аракет кылган жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, 6-январда болжол менен саат 22:00до белгисиз жаран көп кабаттуу үйдөгү батирдин эшигин бузуп, өрттөөгө аракет кылган. Бул окуя боюнча 68 жаштагы үйдүн ээси милицияга кайрылган.

Аталган факт боюнча кылмыш иши козголгон. Тергөө иштеринин натыйжасында шектүү катары 1947-жылы туулган С.Х. аттуу жаран кармалган. Ал тергөө кызматына жеткирилген.

БИР СУТКАДА 10 ӨРТ КАТТАЛДЫ

Өлкө аймагында бир суткада 10 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 11 бөлүм тартылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдироишти.

Маалыматка ылайык, Ош шаарында 3, Ош облусунда 2, Талас облусунда 4, Ысык-Көл облусу 1 өрт катталган.

Количество просмотров: 79