• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Курултайга 700 делегат шайланып келет. Мыйзамсыз акча алмаштыргандарга айып салынды

8 Аяк оона 2023 14:00 Бишкек Govori.TV

КУРУЛТАЙГА 700 ДЕЛЕГАТ КАТЫШАТ

Элдик Курултай ушул жылдын 15-декабрында Бишкек шаарында өткөрүлөт. Жарлыктын негизинде жер-жерлерден, этностук өкүлчүлүктөрдөн жана чет өлкөдөгү эмгек мигранттарынан 700 делегат шайланып келет. Бул тууралуу 7-сентябрда Элдик Курултайды өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин биринчи жыйынында белгилүү болду.

Жыйында Элдик Курултайга этностук өкүлчүлүктөн делегаттарды шайлоо, чет өлкөдөгү эмгек мигранттарынын ичинен делегаттарды шайлоо боюнча нускамалар, жергиликтүү жамааттардын өкүлчүлүктүү жыйындарын өткөрүү боюнча тиешелүү аймакты бөлүктөргө бөлүү ченеми боюнча түшүндүрмө, жыйындарды өткөрүү боюнча бирдиктүү протоколдордун үлгүлөрү жана иш-чаралардын планы уюштуруу комитетинин жалпы мүчөлөрүнүн добушу менен бекитилип, ага ылайык тиешелүү тапшырмалар берилди.

ШЕКТҮҮ КАРМАЛДЫ

Милиция изи сууй электе адам өлтүрүүгө аракет жасоо фактысынын бетин ачты. Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 7-сентябрга караган түнү саат 01:40 чамасында Жалал-Абад шаарындагы эс алуу клубдарынын биринин алдында 35 жаштагы жаранды өзүнө бейтааныш 18-20 жаштардагы бала денесине учтуу нерсе менен бир нече жолу сайып, денесине жараат келтирген. Ал алган жараатынан улам Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында кылмыш ишинин бети изи сууй электе ачылган. Окуяга шектүү катары Сузак районунун Таш-Булак айыл аймагынын тургуну 2004-ж.т. Б.Б. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.

МЫЙЗАМСЫЗ АКЧА АЛМАШТЫРГАНДАР

Улуттук банк мыйзамсыз акча алмаштырган жарандарга айып салды.

Финансылык жөнгө салуучу органдан билдиришкендей, Улуттук банктын лицензиясы жок нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын ишке ашыргандыгы үчүн Кыргызстандын И.у.М., М.у.Б., Н.С.Н. аттуу жарандарына 17 миң 500 сомдон айып салынды.

Количество просмотров: 162