ТҮРКИЯДАГЫ КУТКАРУУЧУЛАР БИШКЕККЕ КЕЛЕТ
Эртең, 21-февралда Түркияга кеткен куткаруучулар Бишкекке кайтып келишет. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, Түркия мамлекетиндеги жер титирөөнүн очогу – Кахраманмараш жана Хатай шаарларындагы издөө-куткаруу иштерин аткарып жатышкан Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулар тобу эртең, 21-февралда Бишкек убактысы боюнча түнкү саат 02:35да жана таңкы 09:00дө “Манас” эл аралык аэропортуна конушат.
Кырсык катталган аймакта 24 саат иштеп, түрк элинин кайгысын тең бөлүшүп, аларга жардам берген куткаруучуларыбызды тосуп алуу иш-чарасы уюштурулат.
КӨЧКҮ АЛДЫНДА КАЛГАН ЖАРАН КӨЗ ЖУМДУ
Тогуз-Тородо 45 жаштагы жаран көчкүнүн алдында калып каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Тогуз-Торо районунун Атай айылынын тургуну 1978-жылы туулган М.Ж. аттуу эркек киши Ала-Жыгач тилкесинде жылкы кароо үчүн тоого чыгып, саат 15:00 чамасында кар көчкү түшүп, көчкүнүн алдында калгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Ошондой эле жанындагы кошо чыккан 2 адам аман-эсен калышкан.
Жерине 11 куткаруучу, Атай айылынан 1 жүктөгүч жана жергиликтүү тургундардан 17 адам тартылган. Саат 18:00дө жогоруда аталган жарандын жансыз денеси жергиликтүү тургундар тарабынан табылган.
“АЗАТТЫКТЫН” СОТУ
Бүгүн, 20-февралда Бишкектин Ленин райондук сотунда Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин «Азаттык Медиа» мекемесинин ишмердүүлүгүн токтотуу боюнча доо арызы каралып, кийинки отурум 6-мартка жылдырылды.
Буга чейин 9-февралда өткөн отурум министрликтин отурумду башка күнгө жылдыруу жана экспертиза дайындоо өтүнүчүнөн улам 20-февралга калтырылган болчу.
Былтыр 26-октябрда Кыргызстандын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги “Азаттык Медиа” мекемесинин веб-сайтын бөгөттөө чечимин чыгарган.
23-январда Маданият министрлиги «Азаттык Медианын» жалпыга маалымдоо каражаты катары ишмердигин токтотуу өтүнүчү менен Бишкектин Ленин райондук сотуна кайрылган.