• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Коронавирустан 2 адам каза болду. Кыргызстан Тажикстандан электр энергия сатып ала баштады

5 Тогуздун айы 2021 14:00 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС БОЮНЧА АБАЛ

Коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык ыкчам штабдын маалыматына караганда, 5-октябрда коронавирустан эки бейтап каза болду. Алар вируска каршы вакцина албаганы маалыматта белгиленген.

Ал эми 69 адам вирус жуктуруп алганы лабораториялык жактан тастыкталды. Көбү Бишкек шаарында. Ал эми Нарын, Баткен, Ош облустарында жаңы учур катталган эмес.

Ушуну менен былтыр марттан бери Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын жалпы саны 178 852 адамга жетти. Бул аралыкта 173 622 адам сакайды. Пандемия башталгандан бери жалпы 2610 адам каза болду. Бир күндө 84 адам сакайып чыкты.

Бүгүнкү күнү 451 адам ооруканада, 684 бейтап үйүндө дарыланып жатат.

КЫРГЫЗСТАН ЭЛЕКТР ЭНЕРГИЯСЫН САТЫП АЛУУДА

Тажикстан Афганистан менен Өзбекстанга электр энергиясын экспорттоону азайтып, Кыргызстанга сатып баштады. Бул тууралуу Тажикстандын энергетика тармагындагы маалыматтарында айтылат.

Октябрь айынын башынан тартып Афганистан менен Өзбекстанга 220кВ-500кВ болгон жогорку чыңалуудагы зымдар аркылуу электр энергиясын жеткирүү токтотулду.

Афганистан менен Өзбекстан тажик электр энергиясын 110кВ болгон төмөнкү чыңалуудагы зымдар аркылуу алууда. 3-октябрда Афганистанга 660 миң кВт/саат, Өзбекстанга 827 миң кВт/саат экспорттолгон.

Ошону менен бирге Тажикстан Кыргызстанга электр энергиясын сатып баштады. Буга Токтогул суу сактагычындагы суунун аздыгы себеп болууда.

ШАЙЛООДО ТАЛАПКЕР БОЛУУНУ КААЛАГАНДАРДЫН САНЫ ӨСҮҮДӨ

Парламенттик шайлоого бир мандаттуу округдан катышуу ниетин билдирип арыз тапшыргандардын саны 5-октябрга карата 92 адам болду. Жаңы арыз бергендердин бардыгы өзүн-өзү көрсөткөндөр.

Борбордун шайлоо комиссиясынын сайтындагы маалыматка ылайык, бир мандаттуу система менен шайлоого аттангандардын катарында Жаза аткаруу кызматынын мурдагы төрагасы Мелис Турганбаев, Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Дастан Жумабеков, ЖК депутаты Искендер Матраимов, Канат Исаев өңдүү саясатчыларды көрүүгө болот.
Боршайком эскерткендей, шайлоого бир мандаттуу округдан катыша тургандар арызын 13-октябрга, ал эми катталуу үчүн документтерин 18-октябрга чейин тапшырусу керек. Бир талапкер бир округдан гана каттала алат. Азырынча арыз тапшыргандардын ичинен БШКнын мурдагы төрагасы Акылбек Сариев гана талапкер катары расмий катталды.
Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрда өтөт. Бул ирет Жогорку Кеңешке 90 депутат келет. Анын 54ү партиялык система менен шайланса, 36 депутат бир мандаттуу округдан шайланат. БШКга 75 партия шайлоого катышуу ниетин билдирип, арыз берген.

Количество просмотров: 85