• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Соңку жанылыктар. Борбор Азия лидерлери Кытайда бак отургузушту. Жапаровдун кеңешчиси абактан чыкты

19 Бугу 2023 14:00 Бишкек Govori.TV

ПРЕЗИДЕНТТЕР СИАНЬДА БАК ОТУРГУЗУШТУ

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 19-майда, Борбор Азия өлкөлөрүнүн лидерлери жана Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин менен бирге Сиань шаарындагы Достук аллеясына көчөттөрдү отургузду.

Салтанат биринчи “Борбор Азия — Кытай” саммити аяктагандан кийин болуп өттү.

Мамлекет башчылары анар көчөттөрүн отургузуп, эстеликке сүрөткө түштү.

ЖАПАРОВДУН КЕҢЕШЧИСИ АБАКТАН ЧЫКТЫ

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун кеңешчиси Темирбек Эркинов үй камагына чыкты. Мындай чечимди Бишкектин Биринчи Май райондук соту чыгарган.

Райондук соттун басма сөз кызматы Темирбек Эркиновду үй камагына чыгаруу өтүнүчүн сотко Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин тергөөчүсү бергенин билдирди.

Атайын кызмат коррупция боюнча козгогон кылмыш ишинин алкагында Темирбек Эркиновду кармап, Биринчи Май райондук соту аны 4-майда 3-июлга чейин УКМКнын тергөө абагына камакка алган.

Темирбек Эркинов 2021-жылы, ноябрда түзүлгөн Кыргыз-венгер өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын төрагасы болуп дайындалган.

НАРЫНГА ЭЛЕКТРОБУСТАР АЛЫНЫП КЕЛИНЕТ

Нарын шаарындагы жолдор оңдолуп бүткөнгө чейин электробустар алынып келинет.

“Нарын шаарына электробустарды алып келүү үчүн тендер жарыяланган. Бирок заводго түз жол таптык. Ошол себептен ортомчусуз алып келүүнү туура көрдүк. Мындай шартта 5 электробус келчү каражатка 7 электробус келет экен. Биз эле эмес Кыргызстандын башка аймактары да түз алганы турушат”, — деп билдирди облус башчысы Алтынбек Эргешов.

Белгилей кетсек, быйыл калктын транспорт каттамын жөнгө салуу максатында Нарын шаарын электробустар менен камсыздоо үчүн республикалык бюджеттен 76 млн сом бөлүнгөн.

Количество просмотров: 119