• Ишенби 25 Теке 2026
  • Суббота 25 Июль 2026

Соңку жаңылыктар: Абалы начарлаган Нарматова абактан чыкты. Муздун алдынан жаш баланын сөөгү табылды

31 Үчтүн айы 202314:08 Бишкек Govori.TV

НАРМАТОВА ҮЙ КАМАГЫНА ЧЫКТЫ
Кемпир-Абад ишине байланыштуу камалган активист Орозайым Нарматова үй камагына чыкты. Маалыматта айтылгандай, Биринчи май райондук сотунун 30-январындагы токтомуна ылайык, Нарматовага карата мурда тандалган камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы 20-февралына чейин уй камагына өзгөртүлдү.
Ал эми жактоочусунун маалыматы боюнча сот мындай чечим активисттин ден соолугунун начарлашынан улам кабыл алган. Орозайым Нарматованын саламаттыгы начарлап кеткени буга чейин айтылган. 27-декабрда шаардык сотто бөгөт чарасы каралып жатканда анын абалы начарлап, кулап түшкөн.
Ал былтыр 23-28-октябрда оппозициялык маанайдагы бир топ саясатчы, укук коргоочу, активист жана блогерлер менен кошо кармалган. 30га жакын киши “Жапырт башаламандык уюштурууга даярдык” көргөн деп шек саналып жатат. Алардын айрымдары үй камагына чыккан, азыр 20дан ашык адам абакта кармалууда. Анын алтоо аялдар.
Ички иштер министрлиги шектүүлөрдүн айыбы боюнча далилдер жетиштүү экенин билдирген. Камалгандар мунун баарын саясий куугунтук деп атап келишет.

МУЗДУН АЛДЫНАН ЖАШ БАЛАНЫН СӨӨГҮ ЧЫГАРЫЛДЫ
Бишкекте куткаруучулар муздун алдынан жаш баланын сөөгүн алып чыгышты. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматта айтылган, 30-январь күнү ӨКМдин 112 кызматына саат 17:38 чамасында Октябрь районунун С.Каралаев көчөсүндөгү Аламүдүн суусунун, муздун алдына жаш бала түшүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн.
Жерине ыкчам түрдө ӨКМдин Бишкек шаардык Куткаруу кызматынан 11 куткаруучу, Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун ыкчам топ тартылган.
Куткаруучулардын издөө иштеринин натыйжасында, 6 жаштагы К.У.К аттуу баланын сөөгүн муздун алдынан алып чыгышып, тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

ЖОЛ КЫРСЫКТА 3 АДАМ КӨЗ ЖУМДУ
Таласта жол кырсыгынан үч адам каза болду. Маалыматка ылайык, кечээ саат 21:00дөр чамасында Тараз — Талас — Суусамыр жолунда «Хонда-Степвагон» жана «ВАЗ2107» үлгүсүндөгү унаалар сүзүшкөн.
Жол кырсыгынын кесепетинен үч адам каза болуп, экөө жабыркаган.
Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө иши жүрүүдө.

Количество просмотров: 417