• Жума 24 Теке 2026
  • Пятница 24 Июль 2026

Соңку жаңылыктар: Абиров мандатын тапшырат. Өзгөндө жер көчкү бир турак үйдү басып калды

27 Жалган куран 202314:02 Бишкек Govori.TV

АБИРОВ МАНДАТЫН ТАПШЫРАТ

Жогорку Кеңештин депутаты, «Мекенчил» фракциясынын мүчөсү Жаныбек Абиров депутаттык мандатын тапшыруу үчүн арыз жазды. Бул тууралуу Фейсбуктагы баракчасына жазып, Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымына жана Жогорку Кеңештин төрагасына жазган арызын жарыялады.

Жоопкерчилик тартууга даяр экенин айткан Абиров, “окуяны талдап, терең ой жүгүртүп, өз каалоом менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын мандатын тапшыруу чечимин кабыл алдым», деп жазган.

12-мартта социалдык тармактарда Жаныбек Абиров бир адамды ур-токмокко алып жаткан видео тараган. Окуя 12-мартка караган түнү Бишкектеги “Золотой дракон” ресторанында болгонун милиция маалымдаган. Ал жерде күзөтчүлөр менен депутат баштаган адамдар мушташып, 26 жаштагы күзөтчү мээси чайкалып, мурду сынып ооруканага түшкөн. Милиция 13-мартта мушташка катышы бар деген шек менен эки адамды кармап, убактылуу кармоочу жайга киргизди. Кылмыш-жаза кодексинин “Бейбаштык” беренеси менен иш козгоду. Бул окуядан соң, Башкы прокуратура 14-мартта Абировду жоопкерчиликке тартууга макулдук алуу үчүн Жогорку Кеңешке сунуштама киргизген. Жаныбек Абиров Жогорку Кеңешке 2021-жылы өткөн парламенттик шайлоодо Бишкектеги №26 Ленин аймагынан бир мандаттуу шайлоодон утуп келген.

ӨЗГӨНДӨ КАЙРАДАН ЖЕР КӨЧКҮ ЖҮРДҮ

Өзгөн районунун Жалпак-Таш айыл өкмөтүнө караштуу К.Маркс айылынын Кызыл-Күңгөй тилкесинде жер көчтү активдешип, бир турак үйдү басып калды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, 26-мартта эртең мененки саат 07:00гө карата жер көчкү акырындык менен жылып, айылдын четиндеги турак үйдү, очоккананы басып, мал сарайга 10 метр аралык калган.

Белгилей кетсек, 22-мартта таңга маал жер көчкү түшүп, Кызыл-Күңгөй тилкесиндеги 18 үй-бүлө коопсуз аймакка көчүрүлгөн.

Мындан улам көчүрүлгөн калктын убактылуу баш калкалоосу үчүн ӨКМдин Өзгөн райондук бөлүмү тарабынан 18 чатыр ошол эле аймактын коопсуз тилкесине орнотулган.

АКСЫ РЭСТЕ ОПУЗАЛОО ФАКТЫСЫ АНЫКТАЛДЫ

Жалал-Абад облусунун Аксы райондук электр станциясында системалуу түрдө пара опузалоо фактысы аныкталды. УКМК тараткан маалыматка ылайык, Аксы районунун РЭСинин кассир-текшерүүчүсү 1997-жылы туулган Т.А.А. кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, Аксы районун тургуну А.Э.А.нын электр-эсептегичти алмаштырбагандыгы үчүн административдик жоопко тартам деп коркутуп, пара катары сый акча алганы аныкталды.

Бул факты Кылмыш-жаза кодексинин 251-беренеси боюнча (Кызматчынын сый акыны мыйзамсыз алуусу) катталып, анын алкагында жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын натыйжасында, 25-мартта кызматкер 18 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен кармалды.

Количество просмотров: 105