• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Афганистандан эвакуацияланган кыргыздар Бишкекке келди. Олимпиадада байге уткандар сыйланды

23 Баш оона 2021 14:05 Бишкек Govori.TV


КОРОНАВИРУС: АКЫРКЫ АБАЛ

Бүгүн, 23-августка карата Кыргызстанда коронавирустан беш адам каза болду. Жалпысынан өлкөдө вирустан көз жумгандардын саны 2489 адамга жетти. Соңку бир күн ичинде вирус дагы 228 адамдан табылды. Өлкөдө бул оору жуккандардын расмий катталган саны 174 148 адамга жетти. Бир күндө 394 адам айыгып чыкты. Азыр ооруканада 1375 адам жатат, дагы 2159 бейтап үйдөн дарыланууда.

АФГАНИСТАНДАН ЭВАКУАЦИЯЛАНГАН КЫРГЫЗДАР БИШКЕККЕ КЕЛДИ

Бүгүн, 23-августта, Афганистандан Катарга эвакуацияланган кыргызстандык 11 жаран Бишкекке алып келинди. Бул тууралуу ТИМ кабарлады. Маалыматка караганда, бул жарандар буга чейин Америка уюштурган учак менен Катарга жеткирилген. Бүгүн саат 04:40та Доха — Дубай — Бишкек каттамы менен мекенине келишкен. Саясий чыңалуу болуп турган өлкөнүн аймагындагы калган кыргызстандыктардын бардыгы КРдин дипөкүлчүлүгүндө экени, алар жакында мекенине эвакуацияланары белгиленди.

ОЛИМПИАДАДА БАЙГЕ АЛГАНДАР СЫЙЛАНДЫ

Бүгүн, 23-августта Токиодо өткөн Олимпиада оюндарында байгеге ээ болгон спортчуларды сыйлоо аземи өттү. «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында уюштурулган иш-чарага президент Садыр Жапаров катышты. Токиодогу жайкы Олимпиадада грек-рим күрөшүнөн күмүш медал алган Акжол Махмудов II даражадагы “Манас” ордени менен 10 млн. сом, Toyota RAV4 автоунаасы менен сыйланды. Кыз-келиндер күрөшүнөн күмүш медал ээси Айсулуу Тыныбековага II даражадагы “Манас” ордени, 10 млн. сом жана Toyota RAV4 үлгүсүндөгү автоунаа берилди. Коло байге алган Мээрим Жуманазаровага III даражадагы «Манас» ордени жана 7 млн. сом, Toyota RAV4 үлгүсүндөгү автоунаа тапшырылды.

Количество просмотров: 108