• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Африкага кызмат кылган Кыргызстандын эки учагынын дайыны жок. Колониянын жерине кичирайон курулат

25 Үчтүн айы 2023 14:00 Бишкек Govori.TV


2023-жылдын 22-январь күнү Манас простпектисинде белгисиз айдоочу «Мерседес-Бенц 55» үлгүсүндөгү күмүш түстөгү унаада, жолдун ортосунда унаалардын кыймылына коркунуч жаратып унаасын айлантып айдаган видеосу интернет булактарында тараган. «Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынын кызматкерлери жогорудагы «Мерседес-Бенц 55» үлгүсүндөгү күмүш түстөгү унаасынын мамлекеттик белгиси жана айдоочусу такталып, автохулганство жазсагандыгы үчүн 22 жаштагы айдоочусуна, Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 189-беренесинин 1-бөлүгү менен 7500 сомго айып протоколу толтурулуп, унаасы атайын айып короосуна токтотулду»,-деп атылат маалыматта.

Бүгүн, 25-январдагы Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында улуттук авиацияны жандандаруу маселеси көтөрүлдү.

Эл өкүлү Тазабек Икрамов, депутат Жеңишбек Токторбаев көтөргөн маселени колдоп, Кыргызстандын эки самолетун Африкада ижарага берип жүрүп, дайыны чыкпай калганын айтты.

Кыргызстандын бардык аймактарында Мамлекттик ипотекалык кызматы ААКсы аркылуу жарандарга бериле турган жеткиликтүү батирлерди курууга республикалык бюджеттен каражат бөлүү пландаштырылууда. Бул тууралуу президенттин басма-сөз кызматчысы Эрбол Султанбаев билдирди.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарындагы мурдагы №47 түзөтүү колониясынын жерине, 10 миң батирлүү кичирайон куруу пландалууда.

Бокс боюнча Кыргызстандын курама командасы Таиланддын Бангкок шаарында өтүп жаткан Азия чемпионатында 7 коло медаль алды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.

Чемпионат 19-январда башталып, ага 22 жашка чейинки спортчулар катышууда.

Количество просмотров: 816