• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Активист абактан чыкты. Кыргызстандагы орточо айлык 25 миң сом болду

11 Жетинин айы 2022 14:00 Бишкек Govori.TV

АКТИВИСТ АБАКТАН ЧЫКТЫ

Июнь айында кармалып, камакта жаткан блогер жана жарандык активист Адилет Балтабайдын иши бүгүн, 11-ноябрда каралып, акыркы соттук отурум өттү.

Биринчи май райондук сотунун чечими менен Адилет Балтабай 278-берененин («Жапырт башаламандык») негизинде күнөөлүү деп табылып, беш жылга эркинен ажыратылды. Ошол эле учурда үч жылдык пробациялык көзөмөл чечими кабыл алынып, активист сот залынан бошотулду.

Буга чейинки сот отурумунда лингвистикалык экспертизанын корутундусуна ылайык, активисттин билдирүлөрүндө «мыйзамдын талаптарына баш ийбөөгө чакыруу, калайман нааразылык акцияларына чыгууга үндөөнүн белгилери бар» экени айтылган. Мамлекеттик айыптоочу жеңилдетүүчү жана башка жагдайларды эске алуу менен блогерди беш жылга эркинен ажыратуу тууралуу өтүнүч келтирген болчу.

ТИМ БАШЧЫСЫНЫН ОРУН БАСАРЫ АЛМАШТЫ

Асеин Исаев КР тышкы иштер министринин биринчи орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, тиешелүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

Ошол эле учурда Нуран Ниязалиев башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу КР тышкы иштер министринин биринчи орун басары кызматынан бошотулду.

ОРТОЧО АЙЛЫК АКЫ 25 МИҢ СОМ БОЛДУ

2022-жылдын январь-сентябрь айларынын жыйынтыгы боюнча Кыргызстанда орточо номиналдык айлык акы 25 миң 27 сомду түздү. Бул тууралуу бүгүн брифингде Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары Бакытбек Шокенов билдирди.

Анын маалыматына ылайык, былтыркы жылдын январь-сентябрь айларына караганда орточо айлык акы 27,9%га көбөйгөн.

Шокенов белгилегендей, эмгек акынын эң көп өсүшү искусство, саламаттык сактоо, социалдык тейлөө, коргоо, билим берүү, мамлекеттик башкаруу жана милдеттүү социалдык камсыздоо, тоо-кен, транспорт ишмердүүлүгү, жүктөрдү сактоо жана дүң жана чекене соода, унаа жана мотоцикл оңдоо тармагында иштегендердин арасында байкалган.

Количество просмотров: 116