• Дүйшөмбү 6 Бугу 2024
  • Понедельник 6 Май 2024

Соңку жаңылыктар: “Ала-Тоо” аквапаркындагы кырсык боюнча иш козголду.  Жаңы окуу жылы 1-сентябрдан башталабы?

7 Кулжа 2022 14:00 Бишкек Govori.TV

ОКУУ ЖЫЛЫН 1-СЕНТЯБРДАН БАШТОО СУНУШТАЛДЫ

Билим берүү жана илим министрлиги 1-сентябрдан баштала турган жаңы окуу жылынын графигинин артыкчылыктары менен кемчиликтерин изилдеп жатат.

Бул тууралуу кечээ, 6-июнда Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйынында Билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу билдирди.

Окуу жылынын эски тартибине кайтуу маселесин депутат Аида Исатбек кызы көтөрдү.

Билим берүү министринин орун басары Расул Абазбек уулу бул маселе боюнча министрликтин да дарегине кайрылуу көп келерин айтты. Ошондуктан сунуштардын негизинде окуу жылын кайрадан 1-сентябрдан баштоонун артыкчылыктары менен кемчиликтери изилденип жатат.

2021-жылы мектептерде сабактар ​​15-сентябрда башталып, 8-июнда аяктай турган болгон.

СУУГА ЧӨККӨН ОКУУЧУНУН ИШИ ТЕРГЕЛЕТ

Бишкектеги “Ала-Тоо” аквапаркында сууга чөгүп каза болгон баланын окуясы боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Этиятсыздыктан өлүмгө алып келүү” жана “Керектөөчүлөр үчүн коркунуч түзүү” беренелери боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирип, соттук-медициналык экспертиза дайындалганын кабарлады. 6-июнь күнү саат 11:00дө Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгына “Ала-Тоо” аквапаркынын бассейнине бала чөгүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн.

Окуя болгон жерге Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын жана шаардык милициянын тергөө-ыкчам тобу барган. Милиция кызматкерлери “Ала-Тоо” аквапаркына №95 мектептин кызматкерлери, 3-класстын окуучулары ата-энелери менен эс алуу үчүн барганы тууралуу маалымат алышкан. Сууга чөгүп каза болгон 3-класстын окуучусунун өпкөсүнө суу толуп калган. Кырсыкка байланыштуу аквапарк убактылуу жабылып, окуяны Бишкек мэриясында түзүлгөн комиссия да иликтеп жатат.

Каза болгон баланын апасы социалдык тармактар аркылуу кайрылуу жасап, кырсык болгон учурда баласынын жанында болбогонун, мектеп жамааты “коопсуздук чаралары камсыздалган” деп убада бергенин жазды

БАТИРДЕН ПЕНСИОНЕРДИН СӨӨГҮ ТАБЫЛДЫ

Бишкекте батирлердин биринен пенсионердин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, куткаруучулар Бишкек шаарынын Ч. Айтматов көчөсүндө жайгашкан үйдүн батирлеринин биринин бекилип калган эшигин ачканда, батирдин ичинен 1932-жылы туулган Р.Г. аттуу аял кишинин сөөгү табылган.

Маркумдун сөөгү милиция кызматкерлерине өткөрүп берилген.

Количество просмотров: 186