• Шаршемби 1 Теке 2026
  • Среда 1 Июль 2026

Соңку жаңылыктар: Аламүдүн дарыясы эмне себептен жашыл түскө боёлгон? 8-марттагы маршка тыюу салынды

6 Жалган куран 202013:57 Бишкек Govori.TV

ВИРУСКА КАРАТА ДАГЫ БИР ШТАБ ТҮЗҮЛДҮ

Өкмөттүк аппараттын маалыматына караганда, аталган штаб коркунучтуу илдеттин жайылышы боюнча кырдаалга байланыштуу тышкы таасирлердин кесепетин азайтууга жана экономикалык иш-чараларды жүзөгө ашырууга багытталган. Штаб башчылыгына вице-премьер-министр Эркин Асрандиев бекитилди. 5-мартта штаб алгачкы жыйынга чогулуп, аткаруучу милдеттерин жана каралуучу маселелерди бекитти. Мындан тышкары экономикалык абалды тескөө, жергиликтүү өндүрүштү колдоо боюнча иш-чаралардын планын иштеп чыгуу тиешелүү органдарга тапшырылды. Штаб 3-марттагы Коопсуздук кеңешинин сунушу менен түзүлдү. Штабга өкмөттүн дээрлик толук курамы, фискалдык органдар, өкмөттүн бардык облустардагы өкүлчүлүктөрү, Бишкек, Ош шаарларынын жетекчилери мүчө болуп кирген. Коронавирус оорусу күч алганына байланыштуу Кыргызстан менен Кытайдын чек арасы жабылган. Адистер бул экономикалык жактан терс таасирин тийгизерин белгилешүүдө.

8-МАРТТАГЫ ТИЛЕКТЕШТИК МАРШКА ТЫЮУ САЛЫНДЫ

8-март – Аялдардын эл аралык күнүндө Бишкекте өтөрү болжолдонуп жаткан «Аялдардын шериктештик маршына» Биринчи май райондук соту 5-марттагы чечими менен тыюу салды.Маселенин сотто каралышына Биринчи май райондук администрациясынын, Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгынын иш-чарага тыюу салуу тууралуу арызы негиз болду. Аталган жергиликтүү мамлекеттик мекемелер сотко мамлекеттик эмес бардык иш-чараларга, марштарга жана жүрүштөргө 1-июлга чейин чектөө киргизүүнү сурап кайрылып, муну дүйнөдө жайылып жаткан коронавирусту жана ар кандай башаламандыктарды алдын алуу максаты менен түшүндүрүшкөн. 2018-жылы 8-мартта уюштурулган мындай марш жаңжал менен коштолгон. Буга аялдарга зомбулукка каршы чакырыктарынан тышкары жыныстык азчылыктын жана феминист аялдардын укуктарын коргоо чакырыктары себеп болгон. Мындай көрүнүш улутчул көз караштагы топтордун катуу сынына кабылган.

АЛАМҮДҮН ДАРЫЯСЫНА АЗЫК-ТҮЛҮК БОЕГУ ЫРГЫТЫЛГАН

Аламүдүн дарыясына азык-түлүк боёгу ыргытылгандыктан суу жашыл болуп калган. Бул тууралуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, буга байланыштуу жеринде профилдик мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнөн түзүлгөн комиссия иштеген. Анда куш менен балыктардын кырылганы катталбаганы аныкталган. Ошондой эле суунун, топурактын үлгүсү алынып, лабораторияга жөнөтүлгөн. “Жолдун жээгине белгисиз адамдар курулуш таштандысын калтырып кетишкен. Ошол жактан дарыяга азык-түлүк боёгу төгүлүп калган. Укук коргоо органдары болсо иш козгоду. Кошумча маалымат тергөө аяктагандан кийин берилет”, — деп айтылат маалыматта. Эске салсак, дарыя жашыл түскө боёлуп калган видео 29-февраль күнү социалдык түйүндөргө тараган. Ошол эле күнү Чүй облусунун өкүлчүлүгү сууга белгисиз зат ыргытылганын маалымдаган болчу.

Количество просмотров: 48