• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Соңку жаңылыктар: Алмазбек Атамбаевдин абалы айтылды.  Дарыядан эркек кишинин сөөгү табылды

2 Баш оона 2022 13:56 Бишкек Govori.TV

АТАМБАЕВДИН АБАЛЫ АЙТЫЛДЫ

Адвокат Замир Жоошев мурдагы президент Алмазбек Атамбаев кошумча даарыланууга муктаж болуп жатканын билдирди.

Өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына билдирүү жазган жактоочу Атамбаев кошумча медициналык текшерүүгө жана дарыланууга муктаж экендиги М.Миррахимов атындагы улуттук кардиология жана терапия борборунун дарыгерлери чыгарган жыйынтыкта белгиленгенин айтат.

«Бүгүн 27-колонияда Алмазбек Шаршеновичке жолугуп келдим.
Абалы жакшы эмес. Ал киши өзү бийликтегилерден «мага дарыланганга мүмкүнчүлүк бергиле» деп сурабаса деле, мамлекет өзү мүмкүнчүлүк бериши керек», — дейт Замир Жоошев.

Быйыл 25-майда Алмазбек Атамбаевди №27 абактан дарылоо максатында Улуттук кардиология жана терапия борборуна которулуп, ал ооруканада дарыланып чыккан.

УНАА САЙГА ТҮШҮП КЕТКЕН

Ноокатта айдоочу рулду башкара албай унаа сайга түшүп кеткен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Тактап айтканда, Ош облусунун Ноокат районундагы Арал айылында Daewoo Matiz үлгүсүндөгү жеңил унаанын айдоочусу рулду башкара албай жолдон чыгып сайга түшүп кеткен.

Жерине 4 куткаруучу тартылган. Жабыркагандар жок.

ДАРЫЯДАН ЭРКЕК КИШИНИН СӨӨГҮ ТАБЫЛДЫ

Ак-Буура дарыясынан эркек кишинин сөөгү табылды. ӨКМден билдиришкендей, кечээ, 1-августта Ош шаарындагы Ак-Буура дарыясында болжол менен 50-55 жаштагы азиат улутундагы эркек кишинин (аты-жөнү такталууда) сөөгү жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Жерине 4 куткаруучу тартылып, эркек кишинин сөөгүн суудан чыгарып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

ӨКМ жарандарга сууга түшүү эрежелерин бузуу кырсыктарга жана өлүмгө алып келерин эскертет.

“Мас абалында сүзүү өтө коркунучтуу. Спирт ичимдигин ичип алган адам өзүн башкара албай калат жана сууда жүрүү ориентациясы начар болот”, — деп айтылат билдирүүдө.

Количество просмотров: 187