• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Апрель баатырлары эскерилди. Бабанов мамлекетке миллион которду

7 Чын куран 2021 13:49 Бишкек Govori.TV


АПРЕЛЬ БААТЫРЛАРЫ ЭСКЕРИЛДИ

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 7-апрелде Апрель элдик революциясында курман болгон баатырларды эскерди. «Ата-Бейит» улуттук тарыхый-мемориалдык комплексинде өткөн иш-чарага Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов, Премьер-министр Улукбек Марипов, Жогорку Соттун төрайымынын милдетин аткаруучу Нургүл Бакирова, экс-президенттер Роза Отунбаева жана Сооронбай Жээнбеков катышты. Алар 1916-жылы курман болгондордун, 1937-1938-жылдардагы саясий репрессиянын курмандыктарынын, 2010-жылдагы Апрель элдик революциясынын баатырларынын мемориалына жана жазуучу Чынгыз Айтматовдун бейитине гүл коюшту. Ошондой эле алардын урматына Куран окулуп, эскеришти. Андан кийин Бишкектин борбордук «Ала-Тоо» аянтында 2002-жылдагы Аксы жана 2010-жылдагы Апрель окуяларында элдин эркиндиги үчүн курман болгондордун элесине арналган монументке гүл коюшту.

ЭПИДЕМИОЛОГИЯЛЫК АБАЛ

Кыргызстанда соңку бир сутка ичинде COVID-19 дагы үч бейтаптын өмүрүн кыйды. Анын экөө Бишкекте, бири Чүй облусундагы ооруканада жаткан. Коронавируска каршы күрөш боюнча республикалык штаб 7-апрелде билдиргендей, бир суткада вирус 161 кишиден жаңы аныкталды. Пандемияда оору жугузуп алгандардын расмий эсеби 89 438 кишини түздү. Анын 85 496 айыкты. Акыркы бир суткада 108 бейтап сакайып чыкканы кабарланды.

БАБАНОВ МАМЛЕКЕТКЕ МИЛЛИОН КОТОРДУ

Мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабанов депозиттик эсепке 100 млн. сом которду. Маалыматты Экономика жана финансы министрлигинин маалымат катчысы Нурила Батралиева билдирди. Маалыматка ылайык, Бабанов бюджетти колдоо боюнча каражатты 29-мартта которгон. «Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2021-жылдын 19-январындагы №8 токтому бар. Анын негизинде эсепке түшкөн каражат качан, кайсы багытка, эмнеге коротуларын өкмөт чечет», -деди маалымат катчы. Эске салсак, 24-мартта Өмүрбек Бабановго козголгон иштер боюнча жүрүп жаткан териштирүүлөр токтотулган. Ал мамлекеттик бюджетти колдоо иретинде өз ыктыяры менен казынага 100 млн. сом берүүнү убада кылган.

Количество просмотров: 104