• Шаршемби 1 Бугу 2024
  • Среда 1 Май 2024

Соңку жаңылыктар: Апрелден тарта кимдердин айлыгы көтөрүлөт? Сотто Атамбаевдин абалы начарлап, тез жардам алып кетти

4 Чын куран 2022 14:00 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУСТУН ЖАҢЫ УЧУРУ КАТТАЛГАН ЖОК

Өлкөдө 4-апрелге карата COVID-19дун жаңы учуру катталган жок. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады.

Маалыматка ылайык, акыркы суткада 5 адам илдеттен сакайып, каза болгондор катталган жок.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 96 бейтап, амбулатордук түрдө 46 адам дарыланууда.

Кошумчалай кетсек, Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 200 миң 968 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 196 миң 248 жаран айыгып чыкса, 2 миң 991 адам көз жумду.

СОТТО АТАМБАЕВДИН АБАЛЫ НАЧАРЛАДЫ

Бүгүн, 4-апрелде Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Октябрь окуялары боюнча сот отуруму өттү. Сот отуруму бүткөндөн кийин мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин абалы абалы начарлап, «Тез жардам» чакыртылган.

Алмазбек Атамбаев сотто журналисттердин суроосуна жооп берип жатып, ага жасалып жаткан мамилени «майдачылдык» деп атаган. Ал анын түрмөдөгү шарты Сооронбай Жээнбеков тушундагыга караганда жакшы экенин айткан.

Буга чейин 23-мартта Атамбаев сот имаратына жеткирилгени менен машинеден чыгуудан баш тартып, отурум 30-мартка калтырылган. Анын адвокаты жана жакындары ал сотко мажбурлап жеткирилгенин, жараат алып, денеси көгөргөнүн айтып чыгышкан.

СОЦТАРМАК КЫЗМАТКЕРЛЕРИНИН АЙЛЫКТАРЫ КӨТӨРҮЛӨТ

1-апрелден тартып 309 миңдей социалдык тармактын кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатууга 2022-жылдын тогуз айына кошумча 26 млрд. сом бөлүндү. Бул тууралуу бүгүн, 4-апрелде президент Садыр Жапаров социалдык тармакта эмгектенген кызматкерлердин республикалык жыйынында сүйлөп жатып билдирди.

Ал билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият жана социалдык коргоо тармактарында иштеген кызматкерлердин айлык акысы 50-100 пайызга чейин көтөрүлө турганын айтты.

Мамлекет башчы мугалимдердин айлыгы мындан ары дагы көбөйө турганын, бирок аларга талап катуу коюларын билдирди. Ушул айдан баштап, бардык мектептерде аттестиациялоо иштери жүргүзүлө турганы, билим берүү тармагы өзгөчө математика, так илимдер, компьютер жана чет тил сабактарынан эң жогорку квалификациядагы мугалимдерге муктаж экенин кошумчалады.

Количество просмотров: 442