Атамбаевге карата козголгон кылмыш ишинин алкагында ишкер Субихи Пархати кармалды
Мурунку президент Алмазбек Атамбаевге карата козголгон кылмыш ишинин алкагында ишкер Субихи Пархати кармалды. Бул тууралуу 24.kg агенттигине жеке булак билдирди.
Маалыматка ылайык, Субихи Пархатиге кылмыш жасоого шектелип жаткандыгы тууралуу билдирүү берилди.
«Буга чейин ишкерге издөө жарыяланган. Биринчи май райондук соту ага карата сыртка чыкпоо тууралуу баш коргоо чарасын тандаган. Алдын ала маалыматка таянсак, Субихи Пархати кирешелерди мыйзамдаштырып алган деп шектелүүдө», -деп билдиришти редакцияга.
Эске салсак, 2017-жылы Алмазбек Атамбаев «Форум» ЖЧКсын Субихи Пархатиге 54 миллион сомго саткан. Мурунку президенттин 2017-жылкы декларациясында акчалар көрсөтүлгөн. Бирок, келишим түзүлүп жатканда сатып алуучунун акча төлөй алуу жөндөмдүүлүгү жана акчанын келген булагы текшерилген эмес.
5 млн. долларлык иш үчүн кармалган Мирлан Бегалиев үй камагына чыккан
2014-жылы «Манас» аэропортуна келтирилген 5 миллион доллар өлчөмүндөгү зыян боюнча шектүү катары кармалган аэропорттун Бишкек филиалынын директору Мирлан Бегалиев үй камагына чыгарылган.
Мындай чечимди Бишкектин Биринчи май райондук соту 2-октябрда кабыл алган. Бул тууралуу маалыматты соттун өкүлдөрү 14-октябрда ырасташты. Ага ылайык, Бегалиев 30-ноябрга чейин үй камагында болот.
Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) «Манас» аэропортундагы беш жыл мурдагы мыйзамсыз иштер аныкталганын 1-октябрда жарыялаган. Андагы маалыматка ылайык, 2014-жылы ошол кездеги аэропорттун жетекчилиги мыйзамсыз түрдө өз кызыкчылыгын көздөп, 5 миллион долларды офшордук компаниялар аркылуу чыгарып кеткен. Бул үчүн компаниянын жетекчилиги банкротко учураган ишкананын акцияларынын 100 пайызын сатып алуу боюнча келишимге кол койгон.
Төрага Дастанбек Жумабеков баштаган депутаттар Латвияга расмий иш сапар менен барды
Төрага Дастанбек Жумабеков баштаган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин делегациясы Латвия Республикасына расмий иш сапар менен барды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы кабарлады.
Сапардын алкагында бир катар жолугушуулар өтөөрү мерчемделген. Анын ичинен Төрага Дастанбек Жумабеков баштаган делегация Латвия Сейминин Төрайымы Инара Мурниеце, Президенти Эгилс Левитс жана тышкы иштер министри Эдгар Ринкевич менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.
Андан соң Жогорку Кеңештин делегациясынын расмий иш сапары Литва Республикасында уланат.
Белгилей кетсек, делегациянын курамында Жогорку Кеңештин депутаттары Алмамбет Шыкмаматов, Динара Исаева, Гүлшат Асылбаева, Өмүрбек Бакиров, Жаныбек Исаев жана Бакирдин Субанбеков бар.