Егор Скобеев ооруканадан абакка которулду
Өкмөттүн аппаратынын талдоо жана болжолдоо секторунун башчысы Егор Скобеев жеке ооруканадан УКМКнын убактылуу кармоочу жайына которулду. Бул тууралуу бүгүн, 3-октябрда УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Буга чейин Аскер прокуратурасы Е.Скобеев коррупция беренеси боюнча шектелип жатканын маалымдаган. Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Биринчи май райондук сотунун чечими менен Скобеев 17-ноябрга чейин УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Атамбаевдин жан сакчысынын камактагы мөөнөтү узартылды
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жан сакчысы Канат Сагымбаевдин камактагы мөөнөтү 9-декабрга чейин узартылды.Мындай чечимди Биринчи Май райондук соту кабыл алды.
Маалыматка ылайык, Сагымбаев №1 тергөө абагында болот.
Эске сала кетсек, Сагымбаев 24-сентябрь күнү 23:00дө кармалган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин төрт беренеси боюнча (“Массалык башаламандыкты уюштуруу”, “Адам өлтүрүү”, “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” жана “Иликтөө иштерине тоскоолдук кылуу”) иш козголгон.
Айсулуу Тыныбекованын машыктыруучусуна да батир берүү сунушталды
Бугун 3-октябрда Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Бакиров өкмөткө кыз-келиндер күрөшү боюнча дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбекованын машыктыруучусу Нурбек Изабековго батир берүүнү сунуштады.
«Машыктыруучуга бир бөлмөлүү болсо да батир берсеңер чоң колдоо. Токиодо өтө турган Олимпиадада Айсулуу жеңет деген үмүттүн акталышына кошкон салым болот» — деди Бакиров.
Президент Сооронбай Жээнбеков Тыныбекованын ата-энесин жана машыктыруучусун кабыл алып, спортчу кызга үч бөлмөлүү батир берген. Ал эми машыктыруучусу Нурбек Изабековко акчалай сыйлык тапшырылган.
Айсулуу Тыныбекова — Кыргызстандын спорт тарыхында күрөш боюнча дүйнө чемпиондугун жеңген биринчи балбан жана Кыргызстан эгемендикке ээ болгондон бери спорттун Олимпиадалык 29 түрүнөн алтын байге алган
Нурбек Изабеков 2010- жылдан баштап улуттук кыз-келиндердин эркин күрөшүнун башкы машыктыруучусу болуп келет.