• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Атазов шайлоо жыйынтыгына нааразы. Кыргыз балбан Түркияда алтын медаль утту

28 Бирдин айы 2022 14:00 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС БОЮНЧА АБАЛ

Кыргызстанда 28-февралга карата коронавирус 22 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирет. Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында – 20, Ысык-Көл облусунда – 2 адамдан илдет табылган.

Акыркы суткада 105 адам илдеттен сакайып чыкты, бир бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 187 бейтап, амбулатордук түрдө 620 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 200 миң 500 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 195 миң 161 киши айыгып чыкса, 2 миң 957 адам каза болду.

КАЙРА ШАЙЛОО ЖЫЙЫНТЫГЫ

Бишкектин №27 Биринчи май жана №29 Свердлов шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоодогу добуштарды кол менен эсептөө аяктады. Бул тууралуу БШКдан билдиришти. Биринчи май округу боюнча Эльвира Сурабалдиева — 47,97% добуш алса,  Свердлов округунан Абдурахманхаджи Муртазалиев шайлоочуларды 19,52% колдоосуна ээ болгон.

Белгилей кетсек, кайра шайлоонун жыйынтыгы 12-мартка чейин чыгат.

Жаңы шайлоо мыйзамына ылайык, Жогорку Кеңешке бирдиктүү шайлоо округунан пропорционалдык система боюнча 54 депутат, ал эми бир мандаттуу шайлоо округунан мажоритардык система боюнча 36 депутат шайланып келет. Жалпы 90 мандат берилет. Бирок 2021-жылдын 28-ноябрындагы парламенттик шайлоодо Биринчи май жана Свердлов округдарында “баарына каршы” графасы көпчүлүк добушка ээ болуп, кайра шайлоо 27-февралга дайындалган.

Кайра шайлоо өткөн Бишкектин эки районунда 219 миң шайлоочу каттоодон өтүп, Свердлов шайлоо округунан 33 047 шайлоочу, ал эми Биринчи майдан 19 982 адам добуш берүүгө келген. Борбор калаадагы эки округдан 50 дөн ашык талапкер жарышка түшкөн.

Ал арада Бишкек шаарындагы Свердлов шайлоо округунан депутаттыкка талапкер болгон Шайлообек Атазов жана анын тарапташтары 27-февралда өткөн шайлоо жыйынтыгына нааразылык билдирип чыкты. Атазов алдын-ала жыйынтыктар боюнча аталган округда жеңишке жеткен атаандашы Абдурахманхажи Муртазалиевди добуш сатып алууга айыптап жатат.

КЫРГЫЗ БАЛБАН ТҮРКИЯДА АЛТЫН УТТУ

Кыргызстандык балбан Алмаз Сманбеков Түркиядагы Yasar Dogu эл аралык турниринин эркин күрөш мелдешинде алтын медаль утту. Сманбеков финалда грузиялык Бека Буджиашвили менен кез келген. Бирок атаандашы килемге чыкканда жаракат алганын билдирип, буга байланыштуу жеңиш автоматтык түрдө кыргызстандыкка ыйгарылган.

Кошумчалай кетсек, аталган турнирде Айпери Медет кызы 76 кг салмакта алтын, Мээрим Жуманазарова 68 кг салмакта күмүш байгеге алган. Спорттук иш-чара 24-27-февралда Стамбул шаарында өттү.

Количество просмотров: 94