• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Аткаминерлер Атамбаевге доосун кайра сотко жөнөттү. Президент ШКУ саммитине даярдыктарды укту

11 Үчтүн айы 2019 17:41 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 11.01.2019. Govori.TV.

Президент ШКУ саммитине даярдык тууралуу маалымат алды

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Кыргызстанда 2019-жылдын июнь айында өтө турган Шанхай Кызматташтык Уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин Кеңешин уюштуруу маселеси боюнча жыйын өткөрдү. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти. «Биз ШКУну өз ара ишенимге негизделген кызматташууну өркүндөтүүчү аянтча катары көрөбүз. ШКУнун кадыр-баркы жыл өткөн сайын бекемделүүдө. Ага мүчө мамлекеттердин ынтымагы, ишенимдүү өнөктөштүгү жана бири-бирине болгон сый-урматы — бул Уюмдун негизи», — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков. Саммитти өткөрүү максатында жасалган иштер, пландалып жаткан чаралар боюнча Уюштуруу комитетинин төрагасы, КР Президентинин Аппаратынын жетекчиси Досалы Эсеналиев, тышкы иштер министри Чынгыз Айдарбеков, маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов, Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев маалымат беришти.


Кыргызстандын Кытайдагы элчиси кызматына Бактыгулова сунушталууда


Кыргызстандын Кытайдагы ыйгарым укуктуу элчиси кызматына ТИМдин кытай боюнча адиси Канайым Бактыгулованын талапкерлигин көрсөтүштү. Маалыматка караганда, анын талапкерлиги эл аралык иштер боюнча парламенттик комитеттин отурумунда каралат. Канайым Бактыгулова 2013-2017-жылдар аралыгында КЭР менен Монголияда Кыргызстандын элчиси кызматын бир убакта аркалаган. Эске салсак, буга чейин аталган кызматта Азамат Үсөнов иштеген. Былтыркы жылдын декабрында президент Сооронбай Жээнбековдун буйругу менен ал кызматтан кеткен.


Мурунку аткаминерлер Атамбаевге доосун кайра сотко жөнөттү


Жогорку Кеңештин мурунку төрагасы Ахматбек Келдибеков мурунку башкы прокурор Азимбек Бекназаров жана УКМКнын мурунку башчысы Кеңешбек Дүйшөбаев экс-президент Алмазбек Атамбаевге жана ага караштуу «Апрель» телеканалынын директору Дмитрий Ложниковго карата кайрадан доо жөнөтүштү. Доогерлердин расмий өкүлү Динара Ашимова маалыматты тастыктады. Буга чейин Октябрь райондук соту доону өндүрүшкөн кабыл алган эмес, анткени арыз мыйзам бузуулар менен толтурулган. Доону кайра толуктоо үчүн артка кайтарып беришкен. Бүгүн арызды соттук инстанцияга беришти. Ахматбек Келдибеков, Азимбек Бекназаров, Кеңешбек Дүйшөбаев Алмазбек Атамбаевден жана анын телеканалынан моралдык чыгымды өндүрүп алуу ниетин көздөшүүдө. Доонун суммасы 18 миллион сом. Мурунку аткаминерлерди Алмазбек Атамбаевдин канал аркылуу алардын дарегине айтылган сөздөрү нааразы кылган.

Количество просмотров: 16