• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Соңку жаңылыктар: Автобуска сүйрөлүп каза болгон окуучунун иши иликтенүүдө

4 Тогуздун айы 2019 16:24 Бишкек Govori.TV

Автобустун эшигине кыпчылып калып каза болгон окуучунун окуясы боюнча автобустун айдоочусу кармалды

Бишкекте автобустун эшигине кыпчылып калып каза болгон окуучунун окуясы боюнча автобустун айдоочусу кармалды. Бул тууралуу шаардык Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Факты Сокулук РИИБде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды. Учурда бардык тийиштүү экспертизалар дайындалды. Автобус айып короосуна киргизилди.

Эске салсак, кечээ Бишкектин четиндеги Күн-Туу айылында жол кырсыгынан окуучу каза болду.

Маалыматка караганда, 16:00дө автобустун айдоочусу элди унаадан түшүрүп жаткан. 5-класстын окуучусу арткы эшиктен түшүп жатканда анын бир буту тыгылып калган.

«Айдоочу баланы көрбөй калып, автобусту айдап жөнөгөн. Кесепетинен бала дөңгөлөк алдында калып окуя болгон жерде жан берди», -деп айтылат маалыматта.

Дамир Мусакеевди жазасын өтөө үчүн 27 түзөтүү мекемесине которушту

УКМКнын тогузунчу кызматынын башчысы Дамир Мусакеевди жазасын өтөө үчүн Чүй облусуна караштуу Молдовановка айылындагы № 27 түзөтүү мекемесине которушту.

Бишкек шаардык соту биринчи инстанциянын чечимин күчүндө калтырды. Свердлов райондук соту аны 5 жылга эркинен ажыраткан.

Аскер прокуратурасы буга чейин мыйзамсыз баюу беренеси боюнча Дамир Мусакеевге кылмыш ишин козгогон. Тергөөнүн билдирүүсүндө, 2010-2017-жыл аралыгында ал жалпысынан 20 миллион сомго кыймылсыз мүлк сатып алган.

Дамир Мусакеев 2018-жылдын 4-апрелинде кызматтан алынган. Ага 31-март күнү КСДПнын курултайы өткөн «Орион» отелинин коопсуздугун Дамир Мусакеев өзү камсыз кылгандыгы себеп болушу мүмкүн экендиги айтылган. Мындан тышкары ага мыйзамсыз батир берүү айыбы коюлган.

Жээнбеков кыргызстандыктарды Билим берүү кызматкерлеринин күнү менен куттуктады.

Мамлекет башчысынын куттуктоосун бүгүн, 4-октябрда, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчиси Досалы Эсеналиев Т. Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда өтүп жаткан Билим берүү кызматкерлеринин күнүнө арналган салтанаттуу иш-чарада окуду.

Жыл сайын 5-октябрда дүйнөнүн 100дөн ашык өлкөлөрүндө Мугалимдер күнүн белгилешет. Бул майрам 1994-жылы негизделген.

Статистикага таянсак, былтыр республиканын билим берүү чөйрөсүндө өлкөнүн калкынын 9 пайызга жакыны эмгектенген. Азыркы убакта Кыргызстанда 4 миңден ашуун мектепке чейинки, жалпы билим берүү, баштапкы, орто жана жогорку кесиптик билим берүү уюмдары иштейт. Андагы 1,7 миллион тарбиялануучуларды, окуучуларды жана студенттерди тарбиялоону жана билим берүүнү 108 миңге жакын педагогдор камсыз кылат.

Эң кеңири тараган жана талап кылынган кесиптердин бири болуп педагогдун кесиби эсептелет, алардын арасынан олуттуу бөлүгүн мектеп мугалимдери түзөт.

Количество просмотров: 55