• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Баңгизат сатууга шектелип 2 аял кармалды. Коронавирус кайрадан каттала баштады

15 Чын куран 2022 13:53 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУСТУН 7 ЖАҢЫ УЧУРУ КАТТАЛДЫ

Кыргызстанда 15-апрелге карата коронавирустун жаңы 7 учуру катталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Бишкекте беш, Чүй облусунда эки жаран ооруга кабылды. Илдеттен эки жаран айыкты. Оорудан каза болгон учурлар 3-апрелден бери каттала элек.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 55 бейтап, амбулатордук түрдө 37 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 200 миң 980 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 196 миң 306 киши айыгып чыкса, 2 миң 991 адам каза болду.

“ТАЗАЛЫКТЫН” ЖЕТЕКЧИСИ АЛМАШТЫ

Бүгүн, 15-апрелде Бишкек мэриясынын «Тазалык» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери митингге чыгышты. Алар жаңы келген жетекчи иштин жүрүшүн билбестигин, «Тазалыкка» өндүрүш иштерин тыкыр билген директор дайындалышын талап кылышууда.

Митингге чыккандар менен Бишкек шаарынын вице-мэри Жамалбек Ырсалиев келип сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Бирок чогулгандар аны сүйлөтпөй, шаар мэринин өзүн келишин талап кылышты.

Митинг учурунда Жамалбек Ырсалиев «Тазалыктын» башчысы болуп Султан Алыбаев дайындалганын билдирди. Жаңы жетекчиге кызматкерлердин дем алыш күндөрү иштегени үчүн айлык акы төлөп берүү маселесин чукул арада чечүүнү тапшырды

Султан Алыбаев буга чейин УКМКда иштегенин кабарлады.

БАҢГИЗАТ САТУУГА ШЕКТЕЛИП АЯЛДАР КАРМАЛДЫ

Ош облусунун аймагында синтетикалык баңгизаттарды сатуу менен алектенген 2 аял киши кармалды. Бул тууралуу ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлерине Ош шаарынын аймагында “Г” аттуу азият улутундагы аял киши баңгизаттарды мыйзамсыз сатуу менен алектенип жүргөндүгү тууралуу билдирүү келип түшкөн.

Аталган факты боюнча КР Ккылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Кылмыш ишинин алкагында аталган башкармалыктын кызматкерлери тарабынан “Г” аттуу аял киши баңгизат каражаттарды жана психотроптук заттарды Ош шаарында сатып жүргөндүгү аныкталган.

Мындан аркы атайын тергөө аракеттеринин жүрүшүндө 5 грамм синтетикалык баңгизаттарды сатуу учурунда 1976-жылы туулган К. Ш., 1983-жылы туулган Т.Н.кармалган.

Количество просмотров: 167