• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Белгилүү манасчы көз жумду. Өзүн милиция деп тааныштырып, акча талап кылган адам кармалды

20 Үчтүн айы 2020 13:19 Бишкек Govori.TV

САПАРБЕК КАСМАМБЕТОВ ДҮЙНӨ САЛДЫ
Белгилүү манасчы, акын Сапарбек Касмамбетов дүйнө салды.
Сапарбек Касмамбетов 1934-жылы 30-майда Нарын облусунда төрөлгөн. Ал узакка созулган оорудан улам кечээ, 86 жаш курагында каза болду.
Ал 9 жаштан баштап Манас баатырдын эрдиктерин айта баштаган. Анын устаты Шапак Ырысмендеев болгон.
Сапарбек Касмамбетов «Бала кыялы», «Эр Кошой», «Бала Манас баяны», «Балыкчы баяны», «Билерик» китептеринин автору. Ал Кыргызстандын маданиятынын эмгек сиңирген ишмери, «Даңк» медалынын ээси.


ЖАЛГАН МИЛИЦИЯ КЫЗМАТКЕРИ КАРМАЛДЫ
Ош облусунда өзүн милиция кызматкери деп тааныштырып, акча талап кылган киши кармалды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Каржы полициясына бир киши кайрылып, Ош облусу боюнча ИИМдин кызматкеримин деп тааныштырган жаран андан 1 миң доллар талап кылганын айткан. Болбосо тартип сакчысы кылмыш ишин козгоп, жоопкерчиликке тартам деп коркуткан.
Факт боюнча сотко чейинки өндүрүш башталды. Милиция талап кылган акчаны дагы даярдашкан. Бирок акыркы учурда алдамчы кызматкер акчаны колдон алуудан баш тартып, банктагы эсебине которууну талап кылган.
«Арыз ээси акчаны которду. Оштогу соода борборлорунун биринен 69 миң 750 сомду эсептен алган С.Б. колго түштү. Текшерүү маалында ал эч жерде иштебегени, мурда ички иштер органдарынын кызматкери экени аныкталды. Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилди», — деп билдиришти Каржы полициясынан.


АЙЛАНМА ЖОЛДО КЫРСЫК КАТТАЛДЫ
Бишкек—Торугарт (айланма жол) унаа жолундагы жол-транспорт кырсыгынын кесепетинен 2 адам каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 20-январда Чүй облусу боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.
Түзүмдүн маалыматына караганда, 19-январда саат 21:30 чамасында айланма жолдун 50-чакырымында, тактап айтканда Кең-Булуң айылында «Фольксваген Венто» каршы тилкеге чыгып, «Тойота Авенсис» менен кагышкан.
«Фольксваген Вентонун» 26 жаштагы айдоочусу жана 51 жаштагы жүргүнчүсү (аял киши) каза болду, дагы бир жүргүнчү ооруканага жаткырылды. Мындан тышкары «Тойотанын» айдоочусу жана жүргүнчүлөрү ооруканага жеткирилди. Бул факт Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөө жүрүп жатат», — деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 186