• Жекшемби 5 Бугу 2024
  • Воскресенье 5 Май 2024

Соңку жаңылыктар: Бир суткада коронавирус аныкталгандар миңден ашты. Кыргыз-түркмөн президенттери жолугушту

28 Кулжа 2021 14:02 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС БОЮНЧА АБАЛ

Акыркы бир суткада Кыргызстанда коронавирус 1081 кишиден жаңы аныкталды. Бул былтыркы жылдын июль айынан берки эң жогорку көрсөткүч болууда. Вирус жугузуп алгандардын эң көбү Бишкекте (640).

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин 28-июндагы маалыматына ылайык, COVID-19 инфекциясынан дагы беш бейтап каза болду. Муну менен илдеттин курмандыктары 1982 кишиге жетти.

Мурда ооруп жаткандардын ичинен 488 киши сакайып чыкты.

Коронавирус пандемиясы башталган бир жыл аралыгында Кыргызстанда 121 946 киши вирус жугузуп алды. Анын 108 953 сакайды.

Учурда 3 123 киши стационарда дарыланып жатат. Алардын ичинен 128 бейтаптын абалы өтө оор экени кабарланды.

КЫРГЫЗ-ТҮРКМӨН ПРЕЗИДЕНТТЕРИ ЖОЛУГУШТУ

Бүгүн, 28-июнда Ашхабад шаарында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов жолугушту.

Эки президент эл аралык, регионалдык кызматташтыкты талкуулашат.

Түркмөнстандын президентинин расмий сайтында кыргыз-түркмөн алакасын жакшыртуу максатында эки тараптуу документтерге кол коюлары жазылды.

Садыр Жапаров Ашхабадга кечээ 27-июнда барып, Түркмөнстандын экспорттук товарларынын көргөзмөсүнө, кыргыз-түркмөн экономикалык форумуна катышкан.

Ал Кыргызстан инвесторлорго шарт түзүүгө көңүл бурарын айтып, Түркмөнстандын мунай-химиялык, газ өнөр жайында жана энергетика тармагында иш алып барган ишканаларын кыргыз рыногуна тартууга кызыкдар экенин белгилеген.

АБЖАЛИЕВ МАМЛЕКЕТКЕ 20 МЛН.СОМ КОТОРДУ

 Жогорку Кеңештин депутаты Алиярбек Абжалиев мамлекеттин эсебине 20 млн сом которду. Бул маалыматты бүгүн, 28-июнда УКМКнын басма сөз кызматынан тастыкташты.

Ушул жылы март айында УКМК Абжалиевдин үстүнөн мыйзамсыз баюу беренеси менен кылмыш иши козголгонун билдирген. Тергөөнүн маалыматына караганда, Абжалиев мурдагы президент Жээнбеков менен тууганчылык байланышын пайдаланып, мамлекеттик органдардын ишине кийлигишкен. УКМКнын билдирүүсүнөн кийин Абжалиев ушул жылы январь айында Түркияга учуп кеткени белгилүү болгон.

УКМКнын билдирүүсүнөн кийин Абжалиев ушул жылы январь айында Түркияга учуп кеткени белгилүү болгон. Алдын ала маалыматка караганда, Абжалиев Кыргызстанга 27-июнда учуп келгени кабарланды.

Количество просмотров: 156