• Ишенби 4 Бугу 2024
  • Суббота 4 Май 2024

Соңку жаңылыктар: Бишкек, Ош шаары менен Чүй, Ош облусуна каттабай туруу сунушталды. Салиев мыйзамсыз баюуга шектелип кармалды

17 Кулжа 2021 13:55 Бишкек Govori.TV

ЭПИДКЫРДААЛ ООР

Өлкө аймагына COVID-19 коронавирус инфекциясынын кирүүсүнүн алдын алуу жана анын жайылышына жол бербөө боюнча республикалык штаб татаал эпидемиологиялык абал байкалып жаткан Кыргызстандын аймактарына жарандардын баруусун минималдаштырууну сунуштайт.

Атап айтканда, акыркы мезгилде коронавирус инфекциясы көп катталып жаткан Бишкек жана Ош шаарларына, Чүй жана Ош облустарына барууну чектөө сунушталат.

Республикалык ыкчам штаб башка региондордо жашаган жарандарга эпидемиологиялык абал турукташканга чейин аталган аймактарга барууну чектөөнү сунуштоодо.

Ошондой эле жарандарды медициналык беткаптарды тагынуу, колду дезинфекциялоо, социалдык аралыкты сактоо сыяктуу санитардык-эпидемиологиялык ченемдерди жана эрежелерди сактоого чакырабыз. Мындан тышкары, ар кыл массалык иш-чараларга катышуудан жана адамдар көп чогулган коомдук тамактануу жайларына баруудан кармануу сунушталат.

Кыргызстанда 17-июнга карата коронавирус дагы 787 адамдан аныкталса, илдеттен Бишкек шаарында – 4 бейтап каза болду. Ал эми бир суткада 365 адам илдеттен сакайып чыкты.

ӨЛКӨГӨ “СПУТНИК V” ВАКЦИНАСЫ АЛЫНЫП КЕЛЕТ

Бүгүн, 17-июнда Кыргызстанга Россияда өндүрүлгөн «Спутник V» вакцинасы жеткирилет. Бул коронавирустан эмдей турган дарынын экинчи партиясы болот.

АКИpress агенттигине Республикалык иммунопрофилактикалык борбордун жетекчиси Гүлбара Ишенапысова билдирген маалымат боюнча, 80 миң доза алынып келет.

Ошондой эле Ишенапысова ушул жуманын аягына чейин Кытайда өндүрүлгөн «Синофарм» вакцинасынан 150 миң доза алынып келерин билдирген болчу.

МЫЙЗАМСЫЗ БАЮУ МЕНЕН АТКАМИНЕР КАРМАЛДЫ

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) президенттик аппараттын жетекчисинин мурдагы орун басары Алмамбет Салиевдин мыйзамсыз байыганы тууралуу фактылар аныкталганын билдирди.

Мекеме 17-июнда тараткан маалыматка караганда, ал бул кызматта иштеп турганда мурдагы президенттин кызматтык артыкчылыктарын пайдаланып, мамлекеттик түзүмгө зыян келтирип, укук коргоо жана мамлекеттик органдардын, сот системасынын ишине активдүү кийлигишкен.

Алмамбет Салиев мамлекеттик кызматта иштеген мезгилде, аффилирленген жактарга каттоодон өтүп, өзүнүн расмий кирешесинен кымбат мүлктү сатып алгандыгы аныкталган. Ушундай жол менен алынган чоң каражатты көп кабаттуу үйлөрдү жана башка соода объектилерин куруу үчүн курулуш компанияларынын бирине жумшаган. Атайын кызмат ал компаниянын атын атаган эмес.

Количество просмотров: 76