ЖОЛ КЫРСЫГЫНАН 7 АДАМ КАЗА БОЛДУ
Бишкек-Ош автоунаа жолунун 493 чакырымында 4-марттын түнүндө болгон жол кырсыгынан 7 адам каза болду.
Облустук жол кыймыл коопсуздугун камсыздоо бөлүмү билдиргендей, окуя түн оогондо Ноокен районунун аймагында болгон. «Хонда-Жаз» менен «Мерседес-Вито» үлгүсүндөгү автоунаалар сүзүшүп, жети адам каза болуп, алтоо Шамалды-Сай аймактык ооруканасына жеткирилди.
Каза болгон адамдардын сөөктөрү Кочкор-Ата шаардык ооруканасынын өлүк сактоочу жайында. Маркумдардын тек-жайы такталып жатат.
Мамлекеттик каттоо кызматынын 2019-жылдын этегинде берген маалыматына караганда 7 миң автоунаага ылайыкталып курулган Бишкек-Торугарт жана Балыкчы-Ананьево-Каракол жолдору аркылуу суткасына 40 миң автотранспорт каттайт.
ЖК КЫЗМАТКЕРЛЕРИН ЖУЛМАЛАГАН АЯЛДАР ИЗДЕЛҮҮДӨ
Жогорку Кеңештин кызматкерлерин жулмалаган Садыр Жапаровду колдоо митингинин катышуучулары изделүүдө. Бул тууралуу Бишкек ШИИБисинен билдиришти.
Митингге катышкан бир нече аял суракка чакыруу үчүн изделүүдө. Алар массалык баш аламандыкты уюштуруу беренеси менен козголгон иштин алкагында суралат.
Эскерте кетсек, социалдык тармактын колдонуучулары Жогорку Кеңештин аппаратынын бир канча кызматкерлерин жулмалап, бир-экөөнүн башына койгула аялдарды жоопко тартууну талап кылышкан. Ал аялдар Садыр Жапаровду колдоо митинги учурунда парламенттин имаратынан чыгып келе жаткандарга асылышкан.
АКЫЙКАТЧЫ ИНСТИТУТУ ОСМОНАЛИЕВДЕН КАБАР АЛДЫ
Акыйкатчы аппаратынын кызматкерлери 3-мартта УКМКнын убактылуу кармоочу жайында кармалып турган Жогорку Кеңешинин экс-депутаты Каныбек Осмоналиев менен жолугушту. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматынан билдиришти.
Мекеменин маалыматына ылайык, сүйлөшүү учурунда Осмоналиев кармоо шарттарына дооматы жок жана ден соолугунун абалына да даттанган эмес.
“Ошондой эле Акыйкатчы институтунун кызматкерлери Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайында Ала-Тоо аянтындагы митингде кармалган үч жаран менен жолугушту. Алар укук коргоо кызматкерлерине жана кармоо шарттарына дооматы жоктугун билдиришти”,-деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, 2-мартта Бишкек шаарынын борбордук Ала-Тоо аянтында камактагы саясатчы Садыр Жапаровду бошотуу талабы менен уюштурулган митингдин соңунда тараптар кагылышып, милиция митингдин катышуучуларын күч менен таркатып, айрымдарын кармаган. Кууп таркатуу учурунда тараптар бири-бирине таш ыргытып, көчө боюндагы автоунаалар, имараттар жабыркаган.