КОРОНАВИРУС: АКЫРКЫ АБАЛ
Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын бүгүнкү, 27-октябрдагы маалыматына караганда, кечээтен бери бул илдеттен эки адам каза болду, алардын экөө тең Бишкекте.
Жалпысынан көз жумгандардын саны 1 136га жетти. Соңку бир күн ичинде вирус дагы 568 адамдан табылды. Алардын эң көбү Бишкек шаарында жана Баткен, Жалал-Абад облустарында.
Оору жуккандардын жалпы саны, ошентип, 56 738ге жетти.
Бир күндө 380 адам айыгып чыкты. Азыр ооруканада 3 398 адам жатат, дагы 3 454 бейтап үйдөн дарыланууда.
КООПСУЗДУК КЕҢЕШИНИ КАТЧЫСЫ АЛМАШТЫ
Рыскелди Мусаев Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп дайындалды. Тиешелүү жарлыкка Президентинин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров кол койгонун президенеттин басма сөз кызматы кабарлады.
Эске салсак, Сооронбай Жээнбеков кызматтан кетер алдында Кеңешбек Дүйшөбаевди аталган кызматка дайындап кеткен.
Дүйшөбаев 26-октябрь күнү өз каалосу менен кызматтан кетүү тууралуу арыз жазган.
Рыскелди Мусаев буга чейин Куралдуу күчтөрдүн Аскер институтунун башчысы кызматын аркалаган.
БАЛБАК ТҮЛӨБАЕВ МЭР БОЛДУ
Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу болуп Балбак Түлөбаев дайындалды. Дүйшөмбү күнү Нариман Түлеев расмий түрдө арыз жазып кеткен.
Балбак Түлөбаев кечээ Өкмөттүн Ысык-Көл облусунундагы ыйгарым укуктуу өкүлү кызматынан кеткен. Ал Президенттин иш башкармалыгына жетекчи болот деп айтылып жаткан.
Бүгүн ал ордо калаа муниципалитетинин жамаатына тааныштырылды.