• Бейшемби 2 Теке 2026
  • Четверг 2 Июль 2026

Соңку жаңылыктар: Бишкекте адамдын жүзүн тааный турган камералар орнотулууда

29 Тогуздун айы 201915:37 Бишкек Govori.TV

Мугалимдердин айлык акысын эсептөө толугу менен автоматташтырылат
2020-жылдын 1-январынан баштап бардык мектептерде, бала бакчаларда, кесиптик лицейлерде, балдар чыгармачылык борборлорунда айлык акыларды берүү иши толук автоматташтырылган форматка өтөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен кабарлашты. Маалыматка караганда, бул багытта даярдык иштери жүрүп, программалык камсыздоо үчүн техникалык талаптар иштелип чыкты.
«Айлык акыларды автоматташтырууга өткөрүү менен эмгек акыга каралган каражатты майнаптуу, максаттуу колдонууга шарт түзүлөт. Ошондой эле негизсиз маяна алып жүргөндөр ачыкка чыгат жана бухгалтердик эсепти так жүргүзүүгө жол ачылат. Тиешелүү текшерүү органдары берген кемчиликтер ордуна келет жана ар бир мугалим эмгегине жараша айлык акы алат», — деп айтылат маалыматта.

Ноябрь айынан баштап бул система Ысык-Ата, Түп райондорунун жана Жалал-Абад шаарынын билим берүү башкармалыктарында пилоттук негизде апробациядан өтмөкчү. Андан сырткары, тиешелүү бардык бухгалтерия кызматкерлери үчүн семинар-окутуулардын өтөрү айтылды.
Эске салсак, 1-октябрдан тарта билим берүү тармагындагы 120 миң кызматкердин маянасы 30 пайызга жогорулаган.

Шайлоонун босого балын 5 пайызга төмөндөтүү долбоору коомдук талкууга коюлду
“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзам долбоору 2019-жылдын 29-октябрынан тартып коомдук талкууга коюлат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы кабарлады.
«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына киргизүлчу 1-беренедеги өзгөртүүлөр:

1) 61-берененин 2-бөлүгүндө биринчи абзацындагы «элүү миң эселенген» деген сөздөр «он миң эселенген» деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) 64-берененин 2-бөлүгүнүн 1-пунктунда, 2-бөлүгүнүн экинчи абзацында жана 3-бөлүгүнүн биринчи абзацында «9» деген цифра «5» деген цифрага алмаштырылсын;
2-беренедеги өзгөртүүлөр:
Ушул конституциялык Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Ушул конституциялык Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу 2017-жылдын 5-июнундагы № 96 Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 1-беренесинин 30-пункту күчүн жоготту деп таанылсын:
Долбоордун демилгечилери: Жогорку Кеңештин депутаттары М.Жеенчороев, И.Масалиев, Ж.Акаев, Н.Никитенко, Д.Бекешев


Бишкекте адамдын жүзүн тааный турган камералар орнотулууда
Бишкекте адамдын жүзүн тааный турган 60 камера орнотулуп жатат. Бул туурасында Ички Иштер Министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалым болгондой, камералар эл аралык донорлордун жардамы менен алынып келинди.
«Бул иш Бишкекте түзүлгөн «Командалык борборду» ишке киргизүүнүн алкагында аткарылууда. Министрлик аталган борбордун максаты – кылмыш болгон жерге ыкчам чыгуу, коомдук коопсуздукту, жол коопсуздугун камсыздоо. Ошондой эле «Коопсуз шаар» долбоору боюнча 306 жерге видеокамера орнотуу пландалууда. Бул проекттин алкагында Бишкек шаарынын алты кичи районунда «Коопсуз район» долбоору ишке кирип, 72 камера коюлду. Жакын арада Бишкектин 11, 12 жана «Асанбай» кичи райондоруна да видеокамераларды орнотуу каралууда»,-деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 46