КОРОНАВИРУС: АКЫРКЫ АБАЛ
27-ноябрдагы маалыматка караганда, Кыргызстанда кечээтен бери коронавирустан беш киши каза болду. Көз жумган бейтаптардын төртөө Бишкек шаарынын, бирөө Нарын облусунун тургуну болчу. Жалпысынан көз жумгандардын саны 1256 адамга жетти. Соңку бир күн ичинде вирус дагы 377 адамдан табылды. Алардын эң көбү Чүй облусу менен Бишкек шаарында. Оору жуккандардын жалпы саны 71 548 кишиге жетти. Бир күндө 402 адам айыгып чыкты. Азыр ооруканада 2875 адам жатат, дагы 3698 бейтап үйдөн дарыланууда.
БАНКТЫН ФИЛИАЛЫ ӨРТТӨНДҮ
Бишкектеги «Аламүдүн» базарынын жанында жайгашкан . Жибек жолу жана Буденный көчөлөрүнүн кесилишинде банктын филиалынан өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, өрт саат 09:22де толук өчүрүлгөн. Эскерте кетсек өрт тууралуу маалымат саат 08:47де келип түшкөн. Өрт өчүрүүгө 1 бөлүм тартылган.
АЙДООЧУ КАРМАЛДЫ
Бишкекте жасалма мамлекеттик номер тагып жүргөн айдоочу кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматыннан кабарлашты. 27-ноябрь күнү болжол менен таңкы саат 05:20 чамасында Жукеев-Пудовкин жана Медеров көчөлөрүнүн кесилишинен «Mitsubishi Space Star» үлгүсүндөгү автоунаа жол эрежесин бузгандыгы үчүн токтотулган. Милиция кызматкерлери автоунаанын керектүү документтерин текшерген учурда, 18 жаштагы Ш. А. аттуу айдоочу автоунаасынын мамлекеттик номери бар туруп, анын үстүнөн жасалма номерди тагып алгандыгы белгилүү болгон. Бул факты боюнча автоунаа айып жайга токтотулуп, айдоочу Октябрь райондук ИИБнин тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.