• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Бишкекте көчөлөр тазаланууда. Көмүрдүн баасын көтөргөндөргө айып салынды

4 Жетинин айы 2021 14:00 Бишкек Govori.TV


ЭПИДЕМИОЛОГИЯЛЫК АБАЛ

4-ноябрга карата Кыргызстанда коронавирус жуктурган 91 адам катталды. Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын маалыматына караганда, оору жуктуруп алгандардын басымдуу бөлүгү борбор калаада. Өлкөдө коронавирус жуктуруп алгандардын жалпы саны 181 590 адамга жетти. Акыркы суткада илдеттен үч киши көз жумду. Жалпы 2679 адам коронавирустан каза тапты. Ушул тапта ооруканада 653 адам, 782 бейтап үйдөн дарыланып жатат.

БИШКЕКТЕ КӨЧӨЛӨР ТАЗАЛАНУУДА

Бүгүн, 4-ноябрдын таңында Бишкектин көчөлөрүн кардан тазалоо үчүн «Тазалык» ишканасынын 37 унаасы ишке чыкты. Анын ичинен 28 кар тазалоочу атайын техника, жолго кум-туз чачуучу тракторлор иштөөдө. Жалпы 354 тонна туз себилди. Учурда «Тазалык» жана «Бишкек жашыл чарба» ишканаларынын 657 кызматкери иштеп жатат. Кыргызстанда 4-ноябрга караган түнү кар жаап, абанын температурасы кескин төмөндөдү. Синоптиктер 4-5-ноябрда туруксуз аба ырайы болуп, кар жаай турганын эскертишкен.

КӨМҮРДҮН БААСЫН КӨТӨРГӨНДӨР АЙЫПКА ЖЫГЫЛДЫ

Бишкекте көмүрдүн баасын көтөргөн сатуучуларга айып салынды. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, мониторинг учурунда Бишкек шаарынын Свердлов жана Ленин райондорунда жеке ишкерлер көмүрдү 4800 сомдон 5200 сомго чейин сатып жаткандыгы аныкталды. Ошого байланыштуу агенттиктин Бишкек шаары жана Чүй облусу боюнча бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан административдик протокол толтурулуп, 5 айып салынды, ошону менен бирге КР мыйзамынын талаптарын аткарылышына эскертүү берилди.

Количество просмотров: 117