COVID-19: АКЫРКЫ АБАЛ
Кыргызстанда сутка ичинде коронавирус 582 адамдан табылып, 4 адам каза болду. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти. Сутка ичинде өлкө боюнча 5 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алса, 324 бейтап коронавирустан сакайды. Жалпысынан Кыргызстанда аталган илдеттен 47 миң 50 адам айыкса, 54 миң 588 киши ооруга кабылган. Бүгүнкү күндө стационарларда 3 миң 139 бейтап, амбулатордук түрдө 2 миң 719 киши дарыланууда.
КӨП КАБАТТУУ ҮЙДӨН ӨСПҮРҮМ КУЛАДЫ
Бишкек шаарындагы Малдыбаев көчөсүндөгү көп кабаттуу үйдүн батирлеринен 10 жаштагы бала кулап түштү. Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынан кабарлашкандай, окуя 21-октябрь күнү болгон. Баланын кулап түшкөндүгү тууралуу маалымат “102” кызматына саат 16:40та түшкөн. Окуя болгон жерге барган милиция кызматкерлери 10 жаштагы Д.Д. аттуу баланын сөөгүн табышкан. Аталган факты Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Учурда териштирүү иштери жүргүзүлүп, керектүү экспертизалар дайындалды.
223 КЫЛМЫШ, 161 ЖОРУК КАТТАЛДЫ
Республика боюнча 22-октябрга карата Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 223 кылмыш, 161 жоруктар каттоого алынды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, Кылмыштарды жана жоруктарды тыкыр иликтөө үчүн тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары жүрүп жатат. Кыргызстанда абал туруктуу жана укук коргоо органдарынын кызматкерлери тарабынан толук көзөмөлдөнүп жатат. Өлкөдө түзүлгөн кырдаалга байланыштуу ички иштер органдарынын кызматкерлери башка укук коргоо органдары менен бирге кылмыштарды аныктоо, бөгөт коюу жана бетин ачуу боюнча иштерди жүргүзүп жатат.