Массалык мушташ. Пакистандын 2 жараны убактылуу кармоочу жайга киргизилди
Массалык мушташка катышкан Пакистандын 19 жаштагы 2 жараны убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бул тууралуу Октябрь РИИБдан билдиришти.
Маалыматка караганда, «Бейбаштык» беренеси боюнча кылмыш иши козголду.
«Окуядан кийин Октябрь РИИБга Эл аралык медициналык университеттин өкүлү арыз менен кайрылган. Ал мушташ маалында окуу жайдын мүлкүн талкалагандарга карата чара көрүүнү суранган. Факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Сотко чейинки өндүрүш башталды», -деп билдиришти РИИБдан.
Эске салсак, Эл аралык медициналык университетинде студенттердин массалык мушташы болгон.
Жээнбеков Түркиянын Президенти Режеп Тайып Эрдоган менен жолугушту
Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков 15-октябрда, Баку шаарында (Азербайжан) Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташуу Кеңешинин (ТТМКК) Жетинчи жыйынына катышуунун алкагында Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайып Эрдоган менен жолугушту.
Эки мамлекеттин башчылары Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы эки тараптуу кызматташтык маселелеринин кеңири спектрин талкуулашты.
Сооронбай Жээнбеков Кыргызстан үчүн Түркия бир тууган жана дос мамиледеги мамлекет экенин өзгөчө белгиледи. Режеп Тайып Эрдогандын 2018-жылы Кыргызстанга болгон расмий визитинен кийин өлкөлөрдүн мамилеси жана мамлекеттик структураларынын ортосундагы түрдүү деңгээлдеги жигердүү диалог активдешкенин канааттануу менен белгиледи.
Түркиянын Президенти Режеп Тайып Эрдоган Сооронбай Жээнбековду Кыргыз Республикасынын Түрк кеңешиндеги ийгиликтүү төрагалыгы менен куттуктады.
Тараптар дагы бир жолу биргелешкен күн тартибинин артыкчылыктуу багыттары боюнча эки тараптуу кызматташууну активдештирүүгө, буга чейин макулдашылгандай Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы соода жүгүртүүнү 1 млрд АКШ долларына чейин жеткирүү боюнча жумушту күчөтүүгө даяр экенин белгилешти.
Кыргызстандагы эки университет Борбор Азиядагы мыкты окуу жайлардын катарына кирди
Улуу Британиянын билим берүүгө адистешкен Quacquarelli Symonds компаниясы Европадагы жана Борбор Азиядагы өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн эң мыкты делген университеттеринин рейтингин түздү.
Рейтингге жалпы 350 университет кирген. Кыргызстандан эки жогорку окуу жайы – Борбор Азиядагы Америка университети (АУЦА) жана Кыргыз-түрк “Манас” университети мыкты 190 жогорку окуу жайдын катарынан орун алган. АУЦА 163-орунда болсо, “Манас” университети 190-катардан орун алган.
М. В. Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университети тизменин сап башында жайгашкан.
Мыкты окуу жайлардын тизмесин аныктоо бир нече көрсөткүчтөр менен жүргөн. Алар: университеттин академиялык репутациясы, жумуш берүүчүлөр арасында анын кадыр-баркы, илимий публикациялардын кызматкерлердин жана студенттердин санына карата жарыяланышы жана илимий даражасы бар окутуучулардын саны.
Quacquarelli Symonds – билим берүүгө адистешкен компания. Ал 1990-жылы Нунцио Куаквелли тарабынан негизделген.