• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Бишкекте вице-мэр алмашты. COVID-19га каршы 43 миң 127 адам эмделди

11 Бугу 2021 14:12 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС: АКЫРКЫ АБАЛ

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын 11-майдагы маалыматына ылайык, соңку бир суткада илдеттен жети бейтап каза болду. Муну менен пандемияда вирустан көз жумгандардын жалпы саны 1667 адамга жетти. Акыркы суткада 379 киши коронавирусту жугузуп алды. Өлкөдө бул оору жуккандардын жалпы саны 99 033 адамга жетти. Бир күндө 304 адам сакайып чыкты. Учурда 1703 бейтап стационарда дарыланып жатат. Алардын ичинен 95 бейтаптын абалы өтө оор экени кабарланды. Кыргызстанда Кытайдын «SinoPharm» жана Орусиянын «Спутник V» вакциналары менен эмдөө жүрүп жатат. Ушул күндөрү өлкө боюнча коронавируска каршы 43 миң 127 адам эмделди.

ВИЦЕ-МЭР АЛМАШТЫ

Бишкек шаарынын социалдык маселелер боюнча вице-мэри болуп Виктория Мозгачева дайындалды. Мындай маалыматты мэриянын басма сөз кызматы таратты. Мозгачева бул кызматта былтыр үч ай иштеп, октябрдагы тополоңдон кийин кеткен. Ага чейин «Бишкектеплоэнерго» ишканасын жетектеген. Мозгачева быйыл 11-апрелде өткөн Бишкек шаардык кеңештин шайлоосуна КЭДП партиясынын тизмеси менен катышкан. Буга чейин вице-мэр болуп турган Айжан Чыныбаева кызматын тапшырганын 4-майда “Фейсбуктагы” баракчасына жарыялаган. Ал жетекчилик менен орток пикирге келе албаганы үчүн иштен өз каалоосу менен кеткенин билдирген.

КӨЛМӨДӨН ЭРКЕК КИШИНИН СӨӨГҮ ТАБЫЛДЫ

Чүй облусундагы 4-ГУРТ тилкесиндеги көлмөдө болжол менен 45-50 жаштагы белгисиз адамдын сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Маалдыматка ылайык, окуя кечээ, 10-майда саат 16:20да катталган. Куткаруучулар маркумдун сөөгүн суудан чыгарып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Количество просмотров: 237