• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Блогер Гүлзат Мамытбек кармалды. Бишкекте тамактан уулангандар 179га жетти

26 Тогуздун айы 2021 14:00 Бишкек Govori.TV


КОРОНАВИРУС БОЮНЧА АБАЛ

Бүгүнкүгө карата Кыргызстанда таажы илдетинен үч адам каза болду. Жалпысынан өлкөдө коронавирустан көз жумгандардын расмий саны 2658 адамга жетти. Соңку бир күн ичинде вирус дагы 112 адамдан табылды. Өлкөдө коронавирус жуккандардын жалпы саны 180 741 адам болду. Азыр ооруканада 680 бейтап жатат, дагы 687 адам үйдөн дарыланууда.

ТАМАККА УУЛАНГАНДАРДЫН САНЫ 179ГА ЖЕТТИ

26-октябрь саат 11:00гө карата «Империя пиццы» кафесиндеги тамак-аштан ууланып, ооруканага кайрылган адамдардын саны 179га жетти. Алардын ичинен 18и — жаш балдар. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө 179 адамдын ичинен 50 киши ооруканаларда дарыланууда. Алардын ичинен: темир жол ооруканасында 13, Бишкек шаардык балдардын клиникалык ооруканасында 12, Улуттук госпиталда 24, Ысык-Ата жалпы дарыгерлик практика борборунда 1 жабырлануучу бар. Абалдары канааттандырарлык. Калган жабырлануучулар медициналык жардам алгандан кийин үйдөн дарыланууга жөнөтүлдү. Кошумчалай кетсек, Бишкек шаарындагы «Империя пиццы» кафелери эпидемиологиялык иликтөө иштери жүргүзүлгөнгө чейин жабылган болчу.

БЛОГЕР ГҮЛЗАТ МАМЫТБЕК КАРМАЛДЫ

Алдамчылык боюнча издөөдө жүргөн блогер Гүлзат Мамытбек кармалды. Милициядан билдиришкендей, буга чейин Мамытбекти алдамчылыкка айыптаган 7 жаран укук коргоо органдарына арыз менен кайрылган. Алардын айтымында, Мамытбек «кыска убакытта көп пайда табууну» убада кылган, бирок жарандардан акча алгандан кийин убадасын аткарбай, качып жүргөн. Келтирилген зыяндын суммасы 110 миң сомдон ашкан. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестерине Кылмыш-жаза кодексинин 204-беренеси («алдамчылык») менен катталган. Шектүү Кыргызстандан 2020-жылдын февраль айынын башында чыгып кеткен. Натыйжада, ошол эле жылдын 8-июнунда блоггерге алдамчылыкка шектелгендиги тууралуу сырттан билдирүү жиберилип, 13-июлда ал сыртынан СИЗО-1ге камалган. 2020-жылдын 8-августунда Гүлзат Мамытбек издөөдө болгондуктан, тергөө иши токтотулган. Кечээ, 25-октябрда шектүү Кыргызстанга учуп келген. Аны Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери кармап, милиция бөлүмүнө алып кетишкен. Кармалган адам учурда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайында.

Количество просмотров: 607