БОЛОТ ШАМШИЕВДИН СӨӨГҮ “АЛА-АРЧА” КӨРҮСТӨНҮНӨ КОЮЛДУ
Бүгүн Абдылас Малдыбаев атындагы Опера жана балет театрында «Кыргыз кино кереметинин» негиздөөчүлөрүнүн бири, белгилүү кинорежиссер, СССРдин эл артисти, Кыргыз Республикасынын эл артисти, СССРдин Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты Болотбек Шамшиев менен коштошуу зыйнаты өттү. Кыргыз киносуна зор салым кошкон Шамшиевдин сөөгү «Ала-Арча» көрүстөнүнө коюлду. Белгилүү режиссёр узакка созулган оорудан улам, 21-декабрь күнү 78 жаш курагында президентке караштуу атайын адистештирилген оорукананын жандандыруу бөлүмүндө каза болгон.
АТАМБАЕВ УКМКДАГЫ СОТКО КАТЫШУУДАН БАШ ТАРТТЫ
Бүгүн, 24-декабрда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин имаратында «Мыйзамдагы ууру» аталган Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча кылмыш иштин соттук отуруму өтмөк. Айыпталуучулардын бири — мурунку президент Алмазбек Атамбаев. Жактоочу Сергей Слесаревдин айтымында, отурумду Биринчи май райондук сотунда өткөрүүнү сурашкан. «Судья өтүнүчтү канааттандырган жок. Ошондо Алмазбек Шаршенович процесске катышуудан баш тартып, чыгып кетти», – деди жактоочу.
ЖАЛАЛ-АБАДДА ӨРТТӨН 6 ЖАШТАГЫ КЫЗ КАЗА БОЛОДУ
Жалал-Абад облусунда турак жайдан чыккан өрттүн кесепетинен 6 жаштагы кыз көз жумду. Бул тууралуу ӨКМден кабарлашты. Маалыматка ылайык, Казарман айылындагы Казымбаев көчөсүндөгү турак үйдүн ичнде парда күйгөн. Өрттүн кесепетинен алты жаштагы Н. к А., аттуу кыз көз жумган. “Өрттүн себеби – электр жабдыктарын куроодо жана пайдаланууда эреже сакталбагандан улам келип чыккан”,-деп айтылат маалыматта.