• Шейшемби 7 Бугу 2024
  • Вторник 7 Май 2024

Соңку жаңылыктар: Бурана мунарасынан кыз кулап, каза болду. Журналистке кол көтөргөн окуя териштирилүүдө

2 Кулжа 2022 14:06 Бишкек Govori.TV

БУРАНАДАН КУЛАГАН КЫЗ КАЗА БОЛДУ
Бурана мунарасынан кулап кеткен кыз каза болуп калды. Бул тууралуу маалыматта Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы тастыктады.
Маалыматка ылайык, 2022-жылдын 30-майында Чүй ОИИБдин нөөмөт бөлүмүнө Бурана мунарасынан кыз кулап кеткени тууралуу маалымат түшкөн. Алынган маалыматка негизинде ыкчам-тергөө тобу дароо барып, ал жерде 1997-жылы туулган С.М. аттуу кыздын каза болуп калганы аныкталган.
Бул факт Чүй РИИБдин маалыматтарды каттоо китепчесине катталган.
«Тергөөгө иш-чаралардын жүрүшүндө милиция кызматкерлери бул окуянын күбөлөрүн жана кызматкерлерин суракка алганда алар кыз жалгыз келгенин, эч ким жок учурда мунарага чыгып кеткенин, андан соң анын жансыз денесин көрүшкөнүн түшүндүрүшкөн. Милиция кызматкерлери каза болгон кыз Ыссык-Ата районунун аймагында жашагандыгын аныкташкан.
Учурда иштин жагдайларын тактоо үчүн бардык зарыл болгон ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп, сотко чейинки териштирүүлөр уланууда», — деп айтылат маалыматта.

ЖУРНАЛИСТКЕ КОЛ КӨТӨРҮҮ ОКУЯСЫ ТЕРИШТИРИЛҮҮДӨ
Ош облусунун Кара-Суу районунда журналист Бакыт Кулчумановго кол көтөрүү боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу облустук милициянын маалымат кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, журналист 30-май күнү милицияга арыз менен кайрылган. Арызда Кара-Суу шаарынын Культурная көчөсүндө жайгашкан “Кадастр” мамлекеттик ишканасынын алдына “Кадастр” мамлекеттик ишканасынын жетекчисинен жер боюнча интервью алуу үчүн келген учурда “Улукбек” аттуу жаран эч бир себепсиз оозго алгыс жаман сөздөр менен тилдеп, кол көтөргөнү жазылган.
«Аталган арыз боюнча териштирүү иштери башталып, соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Текшерүү иштеринин жүрүшүндө арыз ээси Б.Кнын арызында көсөтүлгөн дооматтары боюнча ал менен урушкан Кара-Суу районунун Ак-Таш айыл аймагынын Жылкелди айылынын жашоочусу 1974-жылы туулган жаран экендиги такталды. Териштирүү иштери жүрүп жатат»,-деп айтылат маалыматта.

ҮРҮМЧҮ-БИШКЕК-ҮРҮМЧҮ АБА КАТТАМЫ ЖАНДАНАТ
Үрүмчү–Бишкек–Үрүмчү аба каттамы 21-июндан баштап жанданат. Бул тууралуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинен билдиришти.
Каттамдар “Түштүк кытай” авиакомпаниясы тарабынан аткарылып турат.
Эскерте кетсек, Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы аба каттамдар 2020-жылдын март айында пандемияга байланыштуу токтотулган болчу.

Количество просмотров: 288