• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Быйыл Жаңы жылдык фейерверк болбойт. «Орто-Сай» базарында чыккан өрттө жабыркагандар жок

9 Жетинин айы 2020 14:05 Бишкек Govori.TV


COVID БОЮНЧА АКЫРКЫ АБАЛ

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын бүгүнкү, 9-ноябрдагы маалыматына караганда, кечээтен бери бул илдеттен беш адам каза болду. Жалпысынан көз жумгандардын саны 1 182 адамга жетти. Соңку бир күн ичинде вирус дагы 571 адамдан табылды. Алардын эң көбү Бишкек шаарында жана Ош, Чүй, Жалал-Абад облустарында. Оору жуккандардын жалпы саны, ошентип, 63 390 кишиге жетти. Бир күндө 406 адам айыгып чыкты. Азыр ооруканада 3 457 адам жатат, дагы 3 737 бейтап үйдөн дарыланууда. Ал эми коронавирус жуккан медицина кызматкерлеринин жалпы саны 3 649га жетти, алардын 3 436сы айыгып чыкты.

ОРТО-САЙ БАЗАРЫНДАГЫ ӨРТ

Орто-Сай базарындагы өрттө жабыркагандар жок. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады. “Өрт саат 02:16да чектөөгө алынып, тилсиз жоонун андан ары башка обьектилерге жайылышына жол берилген жок. Ал эми саат 8:55 толугу менен өчүрүлгөн. Болжол менен өрттүн жалпы аянты 1800 чарчы метри күйгөн. Жабыркагандар жана каза болгондор жок”,-деп айтылат маалыматта. Белгилей кетсек, 9-ноябрга караган түнү Бишкектеги “Орто-Сай” базарынан өрт чыккан. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, тилсиз жоо менен күрөшүү үчүн 5 бөлүм, 1 авто шаты, 1 суу ташуучу унаа, ИИМден кызматкерлер тартылган. Өрттүн себеби жана чыгымдар тууралуу маалыматтар такталууда.

ЖАҢЫ ЖЫЛДЫК САЛЮТ УЮШТУРУЛБАЙТ

Бишкек мэриясы быйыл Жаңы жылдык салют аттыруудан жана жаңы жасалгаларды сатып алуудан баш тартты. Бул тууралуу вице-мэр Айжан Чыныбаева Фейсбуктагы баракчасына жазды.Анын айтымында, үнөмдөлгөн акча мүмкүнчүлүгү чектелген балдары бар аз камсыз үй-бүлөлөргө, ошондой эле ардагерлерге белектерге жумшалат. Белгилей кетсек, өткөн жылы алты мүнөткө созулган салют аттыруу аземи болгон. Мэрия ал үчүн 800 000 сом каражат сарптаган эле.

Количество просмотров: 68