• Бейшемби 2 Теке 2026
  • Четверг 2 Июль 2026

Соңку жаңылыктар: Чек арада чыр чыкты. Ак үйдүн алдында митинг өтүп жатат

18 Бештин айы 201913:15 Бишкек Govori.TV

ЧЕК АРАДА ЧЫР ЧЫКТЫ
Кыргыз-Тажик чек арасында кайрадан чыр чыкты. Мындай маалыматты Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, бүгүн, 18-декабрь күнү эртең мененки саат 09:30 чамасында Көк-Таш айылында Кыргыз-Тажик жарандарынын ортосунда чыр чыккан. Анда кыргыз тараптан 80ге жакын, ал эми тажик тараптан 100дөй киши чыгып, бири-бирине таш ыргытышкан. Окуя болгон жерге барган эки тараптын чек ара кызматкерлери жарандардын ортосундагы чырды токтотушкан. Алдын ала маалыматтар боюнча, учурда ыргытылган таштан жабыркагандар жок. «Башкы штабдын төрагасынын биринчи орун басары Абдикарим Алимбаев менен Тажикстандын Башкы штабынын төрагасынын биринчи орун басары Хикматулло Пираков телефон аркылуу сүйлөшүштү. Ошондой эле Абдикарим Алимбаев Кыргыз-Тажик чек арасындагы абал боюнча Баткен облусуна учуп кетти», — деп жазылат маалыматта.Ал эми кечээ, 17-декабрда белгисиз Тажик жараны Көк-Таш айылынды Кыргыз жаранын сабап салган. Жабырлануучу Баткен облустук ооруканасына жеткирилип, ага жардам көрсөтүлгөн.

ТЕМИР ЖОЛДО КЫРСЫК КАТТАЛДЫ

Балыкчы-Жел-Арык темир жол участогунда сегиз жүк ташуучу вагон рельстен чыгып кетти. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик компаниясынын басма сөз кызматы билдирди. Учурда кырсыктын себептери такталууда жана темир жол кыймылын калыбына келтирүү боюнча иш-аракеттер жүрүп жатат. «Кыргыз темир жолу» ишканасынын маалыматына караганда, кырсыктан жапа чеккендер жана жабыркагандар жок. Кырсыкка байланыштуу Балыкчы-Жел-Арык темир жол участогу убактылуу жабылды. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги поезд көмүр ташып баратканын, окуя болгон жерге Ички иштер министрлигинин кызматкерлери, Аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүмүнөн бир бөлүм тартылганын маалымдады. 


АК ҮЙДҮН АЛДЫНДА МИТИНГ ӨТҮП ЖАТАТ
Борбор калаада сөз эркиндигин колдоо максатында #REакция 2.0 тынчтык митинги өтүп жатат. Элдик акция деп аталган бул иш чарага эч ким уюштуруучу болго эмес. Жарандар өздөрү келишкен. Алар үнүбүз угулсун деген максатта барабан алып келишкенин айтышкан. Андан тышкары кызыл карточка да көтөргөндөр бар. Ал эми митингдин урааны катары “Уурдаба, уят болот”, “Тарых бүгүн жазылып жатат” деген жазуулары бар кагаздарды алып чыгышкан. Тынчтык акциясынын өтүшүнө бир тууган Матраимовдордун ЖМКларга карата доо арызы себеп болду. Жалпы доо суммасы-60 миллион сом. Эске салсак, #REакция 2.0 митинги сөз эркиндигин колдоо макстында өтөт. Буга чейин 25-ноябрда Бишкектеги Ала-Тоо аянтында «#REакция» жарандык акциясы өткөн. Анын катышуучулары «Райым камалсын!», «Уурулардын орду түрмөдө!», «Реакция. Реалдуу реформалар жүргүзүлсүн!» деген ураандарды чакырып, бийликтен коррупция менен күрөшүүнү, жемкорлорду камоону талап кылышкан.

Количество просмотров: 40