• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: COVID-19 боюнча жалган маалымат тараткандар жоопкерчиликке тартылат

16 Жалган куран 2020 13:43 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС: АБЫЛГАЗИЕВ МААЛЫМАТ БЕРДИ
Бүгүн, 16-мартта дүйнө жүзүндө тарап жаткан коронавирус тууралуу өкмөт башчы Абылгазиев маалымат каражаттарынын өкүлдөрүн чогултуп маалымат берди. Өкмөт башчы коронавируска байланыштуу чараларды жүзөгө ашыруу жана инфекциянын өлкө аймагына киришин алдын алуу жана жайылышына жол бербөө күчөтүлгөн режимде иштеп жатканын айтты. «Баарыңыздарга маалым болгондой, Казакстанда жана Өзбекстанда коронавирус жуктуруу фактылары катталды. Бул өлкөлөр менен негизги соода өнөктөштүк катыштыгыбыз бар болгондуктан, бизге таасирин берет. Вирустун Кыргыз өлкөсүнө келүү коркунучу жакындады десек болот. Ошого байланыштуу абдан ыкчам чараларды күчөттүк. Текшерүү процесстери абдан күчөдү» , — деди премьер министр.

COVID-19 БОЮНЧА ЖАЛГАН МААЛЫМАТ ТАРАТКАНДАР
Өлкө аймагында коронавируска байланыштуу жалган маалымат тараткан 15 окуя катталды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, борбор калаада жалган маалымат таратуу боюнча 1 факты катталган. Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 344-берене (кылмыш жасалгандыгы жөнүндө билип туруп жалган билдирүү жасоо) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иши жүрүүдө. Бир суткада өлкө аймагында жалган маалымат тараткан 15 окуя катталган. “Расмий маалыматтар ыкчам штаб аркылуу убагы менен таратылат. Кылмыш жасалгандыгы жөнүндөгү жалган маалымат тараткандар кылмыш жоопкерчилигине тартыларын эскертебиз”, – деп жазылат маалыматта. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги жалган маалыматтарды таратуудан карманууга жана ызы-чуудан алыс болууга чакырат.

ЖОЛ ЭРЕЖЕСИ БУЗУЛГАН 985 ФАКТ КАТТАЛДЫ
Бишкек шаарынын аймагында акыркы сутка ичинде жол эрежеси бузулган 985 факт катталды. Милициянын кайгуул кызматынын бүгүн, 16-марттагы маалыматы боюнча, 13-14-март күндөрү рейд жүргүзүлгөн. Текшерүү учурунда мас абалда 33 айдоочу, унаасынын терезелерин караңгылатып алган 21 айдоочу, айдоочулук күбөлүгү жок 42 айдоочу жана ар кандай эреже бузуулар боюнча 541 факт катталып, айып короого токтотулган 228 автоунаанын ичинен 120 унаа эвакуацияланган.

Количество просмотров: 78