• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: COVID-19 дан 6 киши каза болуп, жаңы 305 учур катталды. Зомбулукка каршы чыккандар ИИМдин алдынан сүрүлдү

15 Чын куран 2021 14:17 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС БОЮНЧА АБАЛ

Акыркы бир сутка ичинде Кыргызстанда COVID-19 илдетинен дагы алты киши каза болду. Коронавируска каршы күрөш боюнча республикалык штаб билдиргендей, алардын төртөө Бишкекте, экөө Чүйдө ооруканада жаткан.

Ушуну менен өлкөдө коронавирус пандемиясы башталган 2020-жылдын март айынан бери андан каза болгондор 1540ка жетти. 15-апрелге карата республика боюнча вирус дагы 305 кишиден табылып, сентябрдан берки эң көп көрсөткүч болду.  Акыркы күндөрдө илдет расмий аныкталгандар айыккандардан дээрлик эки эсе арбын катталууда. Пандемияда илдетти жугузуп алгандар 91 144, айыккандар 86 491 кишини түздү. Бир күн аралыгында 178 бейтап айыкты.

МАТРАИМОВДУН ИШИ ТОКТОТУЛДУ

Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурунку орун басары Райымбек Матраимовго карата козголгон кылмыш иши токтотулду, деп билдирди УКМК бүгүн, 15-апрелде.

УКМКнын маалыматында: «Р.Матраимов жана анын үй-бүлөсүнө тиешелүү делген кыймылсыз мүлктөр, актив тууралуу расмий маалымат алуу үчүн КМШ, Европа өлкөлөрүнө, Түркия жана Дубай шаарындагы компетенттүү органдарга кайрылуулар жолдонгон. Расмий органдардан алынган документтерде Р.Матраимов жана анын үй-бүлөсү кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөргө ээлик кылганын далилдеген фактылар табылган жок. Буга байланыштуу ага карата козголгон кылмыш иши токтотулуп, камакка алуу чарасы жокко чыгарылган.

Муну менен бирге Р.Матраимов өз каалоосу менен мамлекетке 20 млн сомго бааланган 232,3 чарчы метр батирин өткөрүп берди», — деп айтылат.

Бүгүн, 15-апрелде Ички иштер министрлигинин мекемесинин алдында министр Уланбек Ниязбековдун отставкасын талап кылган митинг өтүүдө.

МИТИНГГЕ ЧЫККАН ЭКИ ТОП АЙТЫША КЕТТИ

Бишкекте уурдалып, өлтүрүлгөн Айзада Канатбекованын өлүмүнөн кийин 15-апрелде аял укугун коргоону талап кылып чыккан активисттерди белгисиз топ Ички иштер министрлигинин алдынан сүрүп чыгарышты. Нааразы тарап бүгүн экинчи ирет митингге чыгышып, аялдарга карата зомбулукту токтотууну жана министр Улан Ниязбековдун отставкасын талап кылышты. Алар Айзаданын өлүмүнө тиешелүү кызматкерлер жетиштүү жаза албай жатат деп сынга алышты.

Митинг өтүп жаткан жерге бейөкмөт уюмдарга каршы чыккан жана жалаң эркектерден турган топ келип, эки тарап кайым айтыша кетти.Каршы топ “ЛГБТга жол жок!” деп кыйкырышып, зомбулукту токтотууну талап кылгандарды имараттын алдынан сүрүп чыгарды. Милиция айрым активисттерди такси менен ал жерден кетирди. Натыйжада митинг үзгүлтүккө учурады.

27 жаштагы Айзада Канатбекованын өлүмү аялдар укугун коргоо, зомбулук маселесин кайрадан күн тартибине чыгарды.Окуядан улам коомчулукта милициянын ишине катуу сын айтылып жатат. 8-апрелде Бишкекте жана Ошто күнөөлүүлөрдү жазалоо, мындай көрүнүштөргө жол бербөө жана ИИМдин жетекчилигинин кызматтан кетишин талап кылган акциялар өткөн. Анын катышуучулары ар бейшемби сайын министрликтин алдына чыгарын билдиришкен.

Количество просмотров: 147