• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: COVID-19дан 3 бейтап каза болду. Айыл чарба министринин азыркы жана мурунку орун басарлары кармалды

27 Тогуздун айы 2021 14:00 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС БОЮНЧА АБАЛ

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын бүгүнкү, 27-октябрдагы маалыматына караганда, кечээтен бери Кыргызстанда бул инфекциядан үч адам каза болду. Жалпысынан өлкөдө коронавирустан көз жумгандардын расмий саны 2661 адамга жетти. Соңку бир күн ичинде вирус дагы 124 адамдан табылды. Алардын эң көбү Бишкек шаарында. Өлкөдө коронавирус жуккандардын расмий катталган саны 180 865 адамга жетти. Азыр ооруканада 688 бейтап жатат, дагы 692 адам үйдөн дарыланууда.

МИНИСТРДИН ОРУН БАСАРЫ КАРМАЛДЫ

Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министринин орун басары Илич Марсбек уулу жана министрдин мурдагы орун басары Амангелди Исаев кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети кабарлады. Атайын кызмат ата мекендик айыл чарба азыктарын ЕАЭБ өлкөлөрүнө ташуудагы коррупциялык схеманы жоюу боюнча иштерди улантууда. Анын натыйжасында айыл чарба азыктарын сыртка экспорттоодо бир нече жыл бою тоскоолдуктарды жараткан, бири-бири менен сүйлөшүп алган кызмат адамдарынын жана жеке компаниялардын уюшкан тобу аныкталган. Тергөөнүн жүрүшүндө бул мыйзамсыз фактыларга Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министринин азыркы жана мурдагы орун басарынын тиешеси бар экени далилденген. 26-октябрда айтылган адамдар кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

ЖОЛ КЫРСЫГЫНАН ЭКИ АДАМ КӨЗ ЖУМДУ

Бүгүн, 27-октябрда таңкы саат 07:52лер чамасында Бишкек-Нарын-Торугарт айланма унаа жолунун болжол менен 65-чакырымында жол кырсыгы катталган. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, Mercedes Benz C 180 үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу рулга ээ боло албай калып, жолдун четиндеги бакты сүзгөн. Кырсыктан эки адам мерт кетип, бир эркек киши жабыркаган. Жерине үч куткаруучу тартылып, маркумдардын сөөгүн милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Ал эми жабыркаган жаран жеке унаа менен Токмок шаардык ооруканасына жеткирилген.

Количество просмотров: 95