• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: COVID жуктургандар 60 миңден ашты. Бир күндө 127 кылмыш катталды

16 Жетинин айы 2020 14:34 Бишкек Govori.TV

COVID БОЮНЧА АЫРКЫ АБАЛ

16-ноябрга карата коронавирус илдетинен төрт киши каза болду. Көз жумган бейтаптардын экөө Бишкек шаарынын, экөө Талас облусунун тургуну болчу. Жалпысынан көз жумгандардын саны 1203 адамга жетти. Соңку суткада вирус дагы 479 адамдан табылды. Алардын эң көбү Бишкек шаарында жана Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарында. Ошентип, оору жуккандардын жалпы саны 66 983 кишиге жетти. Ошол эле учурда бир күндө 439 адам айыгып чыкты. Азыр ооруканада 3279 адам жатат, дагы 4043 бейтап үйдөн дарыланууда. Ал эми вирус жуккан медицина кызматкерлеринин жалпы саны 3735 адамга жетти, алардын 3499у айыгып чыкты.

БАТУКАЕВДИН ИШИ БОЮНЧА ОТУРУМ ЖЫЛДЫ

 Жогорку сотто кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу бүгүнкүгө, 16-ноябрга белгиленген соттук отурум болбойт. Буга ишти карай турган судья ооруп калганы себеп экенин мекеменин басма сөз кызматы кабарлады. Бүгүнкү отурумда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин райондук жана шаардык соттордун өкүмдөрүн жокко чыгарып, ишти кайра кароого жиберүү тууралуу арызы каралмак. Жогорку сот бул иш боюнча кийинки отурум качан болору азырынча белгисиз экенин билдирди. Быйыл 23-июнда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун судьясы Эмилбек Каипов Атамбаевди «Батукаевдин иши» боюнча өзүн жана жакындарын мүлкүнөн ажыратуу менен 11 жыл эки айга кескен. Жактоочулар жана мамлекетке чегерилиши каралган мүлктүн ээлери соттун бул чечимине нааразы болуп шаардык сотко кайрылышкан.

БИР КҮНДӨ 127 КЫЛМЫШ КАТТАЛДЫ

15-ноябрдан 16-ноябрына карата Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 127 кылмыш, 103 жорук каттоого алынды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, республика боюнча Кылмыштарды жана жоруктарды тыкыр иликтөө үчүн тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары жүрүп жатат. “Ички иштер органдары тарабынан кылмыштарды аныктоо, бетин ачуу жана бөгөт коюу боюнча иштер уланууда. Республика аймагында укук бузууларды алдын алуу жана кылмыштуулукка каршы аракеттенүү боюнча иш-чаралар жүргүзүлүүдө”,-деп айтылат маалыматта. Ошондой эле ИИМ өлкө аймагында абал туруктуу жана укук коргоо органдарынын кызматкерлери тарабынан толук көзөмөлдө экенин кошумчалады.

Количество просмотров: 48