• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Cутка ичинде коронавирус 596 адамдан табылып, үчөө каза болду. Мадумаров президенттикке аттанды

30 Тогуздун айы 2020 13:57 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС: АКЫРКЫ АБАЛ

Кыргызстанда сутка ичинде коронавирус 596 адамдан табылып, 3 адам каза болду. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти. Маалыматка ылайык, каза болгон жарандар Жалал-Абад жана Баткен облусунда катталды.муну менен өлкө аймагында  коронавирустан 1 миң 142 жаран көз жумган.

Ал эми акыркы бир күндө 425 адам сакайып чыкты.  Аталган илдеттен жалпы 49 миң 522 адам айыкса, 58 миң 394киши ооруга кабылган.

Өлкө аймагындагы стационарларда 3 миң 359 бейтап, амбулатордук түрдө 3 миң 814 киши дарыланууда. Сутка ичинде өлкө боюнча 7 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алды. Ал эми бир суткада стационардан 2, үй карантининен 5 медкызматкер чыгарылган.

МАДУМАРОВ ПРЕЗИДЕНТТИК ШАЙЛООГО КАТЫШАТ

«Бүтүн Кыргызстан» партиясынын лидери Адахан Мадумаров президенттик шайлоого катышат. Бул тууралуу саясатчы бүгүн уюштурган маалымат жыйында билдирди. Анын айтымында, ал бүгүн  президенттик шайлоого катышуу боюнча Борбордук Шайлоо комиссиясына арызын тапшырат. Жана ошондой эле Мадумаров баары мыйзам жолунда кетет деген ниетин кошумчалады.

 Президенттик шайлоо 10-январда өтөт. БШКнын маалыматында, президентттик шайлоого талапкерлер 15-ноябрга чейин көрсөтүлөт.

Адахан Мадумаров 2017-жылы дагы президенттик шайлоого катышып, үчүнчү орунду ээлеген.

ЭНЕРГЕТИКТЕР МИТИНГГЕ ЧЫГЫШТЫ

Бишкекте бүгүн, 30-октябрда «Түндүкэлектр» ААК ишканасынын кызматкерлери Улуттукэнергохолдингдин алдына митингге чыгышкан. Андан соң алардын нааразычылык акциясы Өкмөт үйүнүн алдында уланды.

Алардын айтуусуна караганда, кызматтан алынган директор жакында эле дайындалган жана жумуш шартын жакшырта баштаган болчу.

Эске сала кетсек, 2020-жылдын 27-октябрында “Түндүкэлектр” ААКтын директорлор кеңешинин чечими менен Доскул Бекмурзаев ишкананын башкы директору кызматынан бошотулуп, анын ордуна Улан Астаркулов дайындалган.

Количество просмотров: 81