ДЕПУТАТ БАКЧИЕВ СУРАККА ЧАКЫРТЫЛДЫ
«Бир Бол» фракциясынын депутаты Жаныбек Бакчиев бүгүн УКМКнын сурагына чакырылды. Бул тууралуу 24.kg агенттигине анын жактоочусу билдирди.
Ал тергөөчүнүн суроолоруна жооп берүү процедуралары аяктаганга чейин эч кандай түшүндүрмө бере албай тургандыгын кошумчалады.
Алдын ала маалыматка ылайык, УКМК Жаныбек Бакчиевдин Каттоо кызматында жетекчи болуп турган кездеги ишмердүүлүгүн текшере баштады.
Белгилей кетсек, Жаныбек Бакчиев Каттоо кызматынын жетекчилигинен 2011-жылдын декабрында кеткен. Андан бери 8 жыл өттү.
Эске салсак, ал кызматтан кетүү себебин аны дайындоого сунуштаган партия жаңы көпчүлүк коалицияга кирбей калгандыгына байланыштырган.
ПАРА МЕНЕН КАРМАЛГАН МИЛИЦИЯ АБАККА КИРГИЗИЛДИ
Бишкекте пара менен кармалган ШИИББнын жол кырсыктары боюнча тергөө бөлүмүнүн башчысы № 1 тергөө абагына киргизилди. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча кызматтан билдиришти.
Маалыматка караганда, мындай баш коргоо чарасын Биринчи май райондук соту тандады. Сотко чейинки өндүрүш уланууда. Эске салсак, милиция мурда болгон жол кырсыгы боюнча маселени оң жагына чечип берем деп (жаран жөө жүргүнчүнү сүзүп алган), жарандан 1 миң доллар пара талап кылган.
«Буга чейин жаран жабырлануучунун дарылануусуна кеткен чыгымды толугу менен төлөп берип, материалдык жана моралдык чыгымдардан кутулган. Жабырлануучу кийин тосмо арыз да жазган. Бирок, ШИИББнын кызматкерлери жаранды опузалап, ишти сотко өткөрөбүз деп пара талап кылышкан», — деп айтылат билдирүүдө.
«ГАЗПРОМ» МЕКТЕБИНИН ДИРЕКТОРУ КЫЗМАТ ОРДУНДА КАЛДЫ
“Газпром Кыргызстан” ЖЧКсынын каражатына курулган мектептин байкоочу кеңеши директор Азамат Дикамбаевди кызмат ордунда калтыруу чечимин кабыл алды. Белгилей кетсек, 13-декабрда Азамат Дикамбаевдин ордуна 9-январдан тартып, №9 мектеп-гимназиясынын мурдагы директору Валентина Лисниченко келе турганы маалым болгон. Буга байланыштуу 14-декабрда аталган мектепте окуган балдардын ата-энелери нааразычылык акциясына чыгышкан.
“Ошол эле күнү мектеп жетекчилиги менен ата-энелерден турган жыйын өтүп, анда “Газпром Кыргызстан” ЖЧКсынын башкы директоруна, шаар мэри Азиз Суракматовго Азамат Дикамбаевди кызматта калтыруу тууралуу жамаатык кайрылуу жазышкан”,- деп айтылат маалыматта.