• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Дагы бир жоокер токко урунду. Жапаровдун тарапташтары митингге чыгышат

5 Бештин айы 2019 14:27 Бишкек Govori.TV

ЖАПАРОВДУН ТАРАПТАШТАРЫ МИТИНГГЕ ЧЫГЫШАТ
Садыр Жапаровдун тарапташтары парламенттин экс-депутатын колдоо үчүн тынчтык акциясына чыгуу ниетин билдиришти. Тараптар ЖАМК менен президентти мунапыс тууралуу маселени создуктурбоого чакырышты.
Мурунку депутат Каныбек Осмоналиевдин айтымында, Садыр Жапаров дайыма Кумтөр маселесин көтөрүп келген.
Буга чейин Садыр Жапаров президентке ырайым сурап кайрылган. Бирок ырайым кылуу боюнча комиссия анын кайрылуусун ЖАМКка кээ бир документтердин жетишсиздигинен улам кайра жолдошкон.


ЖАСАЛМА НОМЕР ТАГЫНГАН УНАА ИЗДЕЛҮҮДӨ
Интернетке «Коопсуз шаардын» камераларына тартылган сүрөттөр интернетке тарап, анда 578 ACD номери беш башка унаага тагылып жүргөнүн көрүүгө болот. Унаалардын бирин башкарып бара жаткан айдоочу Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчиси Алмаз Мамбетовго окшош экени айтылып, талкууланган.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы унаага издөө жарыялады.
Ал эми Мамкаттоонун жетекчиси Алмаз Мамбетов сүрөттөгү айдоочу ага окшош экенин, бирок, анын мындай унаасы, номери жок экенин журналистерге аткан эле.
Бул тууралуу депутат Наталья Никитенко жасалма номерлерди колдонуу фактысын иликтөөнү айтты. Жана ошондой эле, эгер унааны башкарып бара жаткан адам Мамкаттонун жетекчиси болуп чыкса, мыйзам боюнча кылмыш жоопкерчилигине тартылышы керектигин айтты.


ЖООКЕР ТОККО УРУНДУ
Гүлчө айылындагы № 36806 кургактагы аскер бөлүгүнүн жоокери токко урунду. Маалыматка караганда, жоокердин далысындагы радиостанция жарылып кетип, денесинин 80 пайызы күйүп калды.
«Жабырлануучунун абалы оор деп бааланууда. Ал Ош облустук бириктирилген ооруканада жатат», — деп билдиришти редакцияга.
Мындай окуя алгачкы жолу болуп жаткан жок.
Эске салсак, жоокер Руслан Сапарбаев токко урунуп, 2 колун кестирүүгө мажбур болгон.

Количество просмотров: 62