ЖЭЭНБЕКОВ: ДИНИЙ ЛИДЕРЛЕРДИН КООМДО ТААСИРИ КҮЧ
Дин жана диний лидерлердин коомдо таасири күч. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков «Ислам жана Православие — тынчтыктын диндери» эл аралык конференциясында билдирди.
Ал өлкөдө дин тутуу эркиндиги кепилденип, диний уюмдардын өз ара тынчтыкта жана түшүнүүдө жашоосуна шарт түзүлгөнүн белгиледи.
«Бирок ошол эле учурда диний лидерлер дагы өз жоопкерчилигин түшүнүп, өлкөнүн өнүгүүсүнө, коомдук тынчтык жана туруктуулукка жооптуу», — деди ал.
ШЕКТҮҮЛӨРДҮН ЖАНЫНДА 100 МИҢ ДОЛЛАР БОЛГОН
«Манас» аэропортунун жанында турган автоунаанын багажынан сөөгү табылган адамдын өлүмүнө байланыштуу шек саналып жаткан эки киши кармалып, дагы экөөнө издөө жарыяланды. Бул тууралуу ички иштер министринин орун басары Мирлан Каниметов 21-ноябрда Бишкекте өткөн басма сөз жыйынында айтты.
Ал киши колдуу болуп өлтүрүлгөн адам акча ташуу менен алектенгенин, аны өлтүрүүгө шектелип кармалгандардан 100 миң доллардан ашык акча алынганын билдирди. Бирок каражаттын ээси аныктала элек. Каниметов акча мыйзамсыз ташылып турушу мүмкүн экенин кошумчалады.
Андан тышкары азырынча бул окуянын Түркияда киши колдуу болгон ишкер Айеркен Саймаитинин өлүмүнө байланышы бар же жогу так аныктала электигин билдирди.
Белгилей кетсек 23-октябрда «Манас» аэропортунун жанында турган автоунаанын багажынан киши колдуу болгон адамдын сөөгү табылган.
КӨЧӨДӨ БЫЧАК МЕНЕН КАРМАЛГАН ЖАРАН УБАКТЫЛУУ КАРМООЧУ ЖАЙГА КИРГИЗИЛДИ
Бишкектеги №2 троллейбустун ичинен жүргүнчүгө бычак менен кол салган эркек киши убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бул тууралуу ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
«Кечээ, 20-ноябрда бычак көтөргөн 1992-жылы туулган Т.У. аттуу жаран Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди», — деп айтылат маалыматта.
Окуя кечээ, 20-ноябрда Бишкек шаарындагы Логвиненко көчөсүндө болгон. №2 троллейбустун ичинен жүргүнчүгө бычак менен кол салган эркек кишини патрулдук милициянын кызматкерлери кармашкан. Колунда бычагы бар адам патрулчулардан качууга аракет жасап, бирок ал Ак үйдүн жанында кармалып, колуна кишен салынды. Аларга Ички иштер министринин орун басары Алмаз Орозалиев дагы жардам берген.
Ошондой эле ал жаранды кармоо учурунда Биринчи май РИИБдин кызматкери жаракат алган.